Нарктуу адамдар коркуудан жана тынчсыздануудан алыс
Көптөгөн чоңдор жылуу жана унутулгус балалык жөнундө эстешет. Баланын акылы кичинекей кезинде жаман ойлордон алыс, таза жана кынтыксыз болот.

Баланын тажрыйбасыз, таза акылы ачык болгондуктан, балдардын ойлорунда коркуу, чочулоо сезими дээрлик жок. Балдар турмуштук тажрыйбасынын жетишсиздигинен гана эмес, жетишкендиктерге жана жоготууларга маани бербегендиктен да бейкапар жана жашоого коркпостон карашат.
Алар утуштарга жана жоготууларга кубанышат жана кайгырышат, бирок көпкө эмес, көп өтпөй аларда жаңы кызыгуу пайда болот. Адам улгайган сайын ар кандай коомдук идеялардын басымы астында акырындап тынчсыздануунун жана коркуунун туткунуна айланат жана кырдаалдан чыгуу үчүн күрөшүп, физикалык жана психикалык жактан чарчайт.
Адамдар өзүмчүл болгондуктан, жоготуу азабы сансыз тынчсызданууларды алып келет: тамак-аш жана кийим-кече жөнүндө тынчсыздануу, ачкачылыктан коркуу; картаюудан коркуу, оорудан коркуу; мал-мүлктөн айрылуу, өлүмдөн коркуу ж.б.у.с. Жашоодогу эң чоң азап өзүмчүлдүк жана ач көздүктөн болот, ошондуктан адам өзүмчүлдүктөн толук арыла албаса, тынчсыздануу жана коркуу сезиминен эч качан арыла албайт.
«Конфуцийдин Аналектилеринде» мындай сөз бар:
«Нарктуу адам тынч жана токтоо, нарксыз адам дайыма тынчсызданат жана кайгырат».
Кытайдын 5 000 жылдык тарыхында нарктуу эркек жана кара ниет — эки абдан маанилүү негизги түшүнүк бар. Бул эки аныктама ар дайым адамдар тарабынан эки башка типтеги адамдарга баа берүү үчүн колдонулган: биринчиси абсолюттук чынчылдыкты, боорукердикти жана асылдыкты, экинчиси абсолюттук калпты, карасантайлыкты жана караөзгөйлүктү билдирет. Нарктуу адам деген ким? Карасантай адам деген ким? Бул эки башка аныктаманы бир сүйлөм менен айтуу кыйын.
Байыркы акылмандарга кайрылалы.
«Конфуцийдин Аналектилеринде» жана анын шакирти Янь Юандын (б. з. ч. 521—481 жж.) жазууларында Конфуцийдин окуучусу Сыма Ню, бир жолу Мугалимден сурады: «Эгерде тынчсызданбасаң жана коркпосоң, анда сен нарктуу адамсың, — деп айткан туурабы?»
Мугалим мындай деп жооп берген: «Эгерде өзүңдөн издесең жана өзүңдү күнөөлүү сезбесең, анда эмне үчүн кабатырланышың же коркушуң керек?»
Ошондо Сыма Ню Конфуцийден нарктуу адамдын жолу жөнүндө сураса, Конфуций: «Нарктуу адамда коркуу жана тынчсыздануу жок» деп жооп берет.
Сыма Ню муну укканда, кандай гана жөнөкөй деп ойлоду! Анан кайра сурады: «Эгерде кайгы, коркуу болбосо, бул нарктуу адамбы? Чын эле нарктуу адам болуу ушунчалык оңойбу?»
Ага Конфуций мындай деп жооп берген: «Нарктуу болуу оңой эмес, ар дайым ички дүйнөңдү карап турушуң керек, жүрөгүңдө эч кандай өкүнүү же күнөөлүү сезимдер болбошу керек, жүрөгүң жарык жана ачык, таза жана токтоо гана болушу керек».
Байыркы Кытайда боорукер жана асыл адамдардын ички келишкендиги жана бейпилдиги болгон. Алар абдан аракетчил, бирок ошол эле учурда Асмандын эркине баш ийишкен. Маселени эң жакшы жол менен чечүүгө аракет кылышкан, эгер бир нерсе алардын колунан келбесе, аны тынчсызданбай, коркпостон татыктуу кабыл алышкан. Эгер адам Жер жана Асман алдында уят болбогудай болуп, тынчсызданбай, коркпой өз жан дүйнөсүнүн үстүндө иштесе — бул бийик руханий абал.
Кытай конфуций классикасында, «Конфуцийдин аналектеринде» ак ниеттер жана кара ниеттер жөнүндө көптөгөн терең ой-пикирлер бар. Мисалы:
«Нарктуу адам өзүнө талап коёт, төмөн адам башкага талап коёт»;
«Нарктуу адам башканы кунт коюп угат жана мамилечил болот, ал эми кара ниет жабык жана алдын ала көрө билбейт»;
«Нарктуу адам адамдарга өзүнүн жакшы жактарын көрүүгө жардам берет жана адамдарды өзүнөн жамандыкты көрүүгө үйрөтпөйт. Ал эми төмөн адам тескерисинче кылат».
Нарктуу адам өзүн сый- сыпаттуу алып жүрөт, адамдарга таасир эте алат, «жакшылыкка сараң эмес, ишке ынтызар, ачуулука берилбейт, кумарга ач көз эмес; улуулугуна текеберленбейт, урмат-сыйга буйруксуз ээ, таш боор эмес».
Конфуций дагы айткан: «Асыл адам өзүн күнөөлөйт, кичинекей адам башканы күнөөлөйт». Конфуцийдин нарктуу эркек жөнүндөгү сөзүндө жеке жоопкерчиликке басым жасалат, анын мааниси: мырза кең пейил жана түйшүктөн эркин; карасантай адам дайыма кайгылуу жана муңдуу.
«Аналектилерде» Конфуций мындай деп улантат: «Адамдын акыл менен иш-аракет кылуунун үч жолу бар: биринчиси — эң асыл — ой жүгүртүү; экинчиси — эң оңой — тууроо; үчүнчүсү — эң ачуу — тажрыйба».
Нарктуу эркектин жолу жөнүндө, тынчсыздануу жана коркуу жок болуу менен бирге, жакшылык менен жамандыкты түшүнүү, ошондой эле акыл-эстин тынчтыгы жана шектенүүлөрдүн жоктугу кошулат.
«Нарктуу эркектин жолу, санаадан алыс жана коркпойт», деген эмнени билдирет, ал боорукердик жана адилеттүүлүк принциптерин карманып, чынчыл жана жан аянбастык менен иш кылат, кылган иштеринен уялбайт, жашоого сүйүнөт, бул жашоого эмнеге келгенин түшүнөт, пайдага жана жоготууга байланбайт.
«Нарктуу адам акылдуу, адашуудан эркин» демек, анын даанышмандыгы бийик, ар нерсени чыныгы жүзү менен көрө алат. Жакшы менен жаманды ажырата билүү, чындыкты калптан ажырата билүү, жагымсыз кырдаалдарда шектенбөөгө мүмкүндүк берген жөндөмдөрү болот; нарктуу эркектин эр жүрөктүүлүгү, коркунучка карабай, анын жан дүйнөсү тунук жана ачык экенин, ал өзүнүн иш-аракеттеринен уялбаганын, ички тазалыгы, жоопкерчиликти алууга даяр экендиги, адилеттүү, чынчыл жана кайраттуу мүнөзүн билдирет, ошондуктан ал ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болгондо токтоолук менен чечет.
Нарктуу адам деп аталуу үчүн, адам кайрымдуу, акылман, кайраттуу болуп, тынчсызданууга, баш аламандыкка, коркууга дуушар болбошу керек.
Бул дүйнөдө чыныгы нарктуу адамдар — булар рухий билимге жетишкен адамдар. Ачык жүрөк менен Асман менен Жердин ортосунда жүрөт. Макалда мындай деп айтылат:
«Абийири таза адамдын башынын астындагы жаздык уйпаланбайт; күндүз эч кандай жаман иш кылган жок, түнү дарбаза тыкылдаса коркпойт».
Бул жашоонун чындыгы. Бирок адам акыл-эсин өстүрүп, өзүн-өзү талдоо менен алектенмейинче, эч качан коркуу жана тынчсыздануудан эркиндиктин руханий абалына жете албайт. Адил адамдардын жашоосу Асман менен байланышкан, алар бул дүйнөдө ар ким менен тынчтыкта, тынчсызданбай жашашат; алар Ааламдын акыйкатын билишет, жашоо менен өлүмгө кайдыгер жана дүнүйө жыргалдарынан эркин болушат, ошондуктан аларда коркуу жок.
Бир жолу кимдир бирөө Будда Шакьямуниден сураптыр, эмне үчүн, жакшылыкка ээ адамдар дайыма тынч абалда жана кубанычка толуп тургандай көрүнушөт? Будда жооп бериптир:
«Алар өткөнгө кайгырышпайт, алдыда боло турган нерселерге тынчсызданышпайт; алар үчүн азыркы учур жетиштүү, ошондуктан алар кубанычка толгон».
Карапайым адамдарга рухий практика менен алектенгендердин абалын түшүнүү көп учурда кыйынга турат, бул руханий өнүгүү деңгээлиндеги айырмачылыкка байланыштуу.
Нарктуу адам түйшүктөн, коркуудан алыс, эркин, утушка да, жоготууга да токтоо, руху ыйык жана эркин, бул рухий агартуу жолунда жүргөндөрдүн гана колунан келе турган бийик рухий абал.