Кандай адамдар эң бактылуу? Бул беш окуя жашоодо пайдалуу сабак болот
Кайсы адамдар эң бактылуу? Бул беш окуяны окуган адам өмүр бою өзүн бай жана бактылуу сезет.

Биринчи окуя. Үй курган устат жөнүндө
Ал өмүр бою кожоюнга иштеп, карый баштаганда пенсияга чыгуу чечимин кабыл алды. Кожоюну аны токтотууга аракет кылды, бирок устат чечиминен кайтпады. Кожоюн ага акыркы жолу бир үй куруп бергенден кийин кетсе болоорун сунуштады. Устат макул болду, бирок үйдү көңүлдөнбөй арзан материалдар менен куруп тез бүтүрдү. Үй бүткөн соң кожоюн, бул үйдү ага эмгеги үчүн белекке тартуулап, ыраазычылык айтты. Устат уялганынан жерге кирип кете жаздады.
Ар бир иш маанилүү. Акырында биз жасаган эмгек өзүбүзгө кайтып келет.
Экинчи окуя. Жолборс менен жолуккан адам жөнүндө
Бир адам жолборска жолугуп, коркконунан даракка чыгып кетет. Бирок, кокусунан кулап түшүп, жолборстун жонуна отуруп калат. Жолборс чочуп үстүндөгү кишиси менен качат. Көргөндөр буга кантип минип алган, атка мингендей эле,- деп таң калышат.
Кээде башкалардын “жаркыраган” жашоосуна суктанып, чындыкты билбейбиз, мүмкүн “жолборстун үстүнө отуруп алып түшө албай жүргөндүр” Көп нерсе сыртынан гана кооз. Ошондуктан бирөөнүн жашоосуна көзарткандан көрө, өз жашообузду баалап, жакшырталы.
Үчүнчү окуя. Акылман жана акылсыз жөнүндө
Бир акылсыз үч жети жыйырма төрт деп айтат. Акылдуу киши «Жок, үч жолу жети жыйырма бир» деп жооп берет. Экөө талашып, мушташып кетишет. Сотко барышат. Сот акмакты актайт, акылдууга элүү камчы уруу өкүмүн чыгарат. Акылдуу таң калып сураганда, сот мындай дейт: «Сен акылдуу адам болсоң, анда эмне үчүн акылсыз менен талашасың?»
Акылсыз менен талашпа. Алар сени өз деңгээлине түшүрөт, акырында жеңилип калып, өзүң эле кыйналасың.
Төртүнчү окуя. Атасы менен баласы эшек минип бара жатышат
Атасы эшек минип, баласы жөө баратканда эл атаны сынга алышат. Баласын мингизсе, баланы сындашат. Экөө тең жөө басып, эшекти жетелешсе – муну да туура көрүшпөйт.
Ар кимдин оюн уксаң, баалоосун күтсөң жана ыңгайлуу болгуң келсе, өзүңдүн жашооң ыңгайсыз болот. Башкалардын пикирин күтпөй, өз жашооңду бактылуу жаша.
Бешинчи окуя. Он миллион, бактылуулук үчүн жетиштүүбү?
Бир киши «Он миллионум болсо, бактылуу болмокмун» – дейт. Ошондо карылар кейпин кийген бир кудай келип: «Сенде баа жеткис байлык бар, эмнеге дагы он миллион керек?» – дейт. Киши таң калып: «Эмне байлыгым бар?» – дейт. Карыя: «Кел,мага көзүңдү бер,мен сага он миллион берем» – дейт. Киши макул болбойт. Анда: «Колуңду бер» – дейт. Ал дагырг баш тартат.
Биз билишибиз керек: байлык менен салыштырсак, ден соолук — баа жеткис белек. Эгер адамдын ден соолугу жакшы болсо, бул анын чоң бактысы. Ошондуктан түн бою компьютердин алдында отуруп же телефонду колдон түшүрбөй, керексиз маалыматтарды карап отуруунун кажети жок.