Кан тамырларды кандай азыктар азыктандырат, кандай азыктардан качуу керек

Биз көбүнчө кантамырларда кандайдыр бир бузулуу белгилери байкалмайынча, аларды сезбейбиз. Мисалы, шишиктер, варикоздук кеңейүү же кан айлануунун бузулушу сыяктуу көрүнүштөр пайда болгондо гана веналардын абалына көңүл бура баштайбыз.

 

Фото: freepik.com

Веналарды жакшы абалда сактоо үчүн жөнөкөй жашоо образын тандап алуу маанилүү, айрыкча азык-түлүк аркылуу пайдалуу заттарды алуу жана организмди туура суу менен камсыз кылып туруу абдан зарыл.

«Веналардын саламаттыгын алардын түзүмдүк бүтүндүгүнөн, кан айлануунун жөнгө салынышынан жана сезгенүүнү көзөмөлдөп туруудан көз каранды», — деди The Epoch Times басылмасына Австралиялык натуропат-дарыгер жана Revital Health компаниясынын негиздөөчүсү Жоди Дюваль. «Мыкты натыйжага жетүү үчүн бул үч элементти тең эске алуу керек».

Таза веналардын негизги курулуш элементтери

 

Веналар кан агымынын туруктуу басымына туруштук бере алышы үчүн алардын ички жагы бекем жана ийкемдүү болушу шарт. Бул тең салмактуулукту сактоонун негизги факторлорунун бири — бул коллагендин өндүрүлүшү.

 

«Коллагендин жетиштүү деңгээлде иштелип чыгышы үчүн С витамини өтө маанилүү. Ал веналардын ички бетин бекемдеп, ийкемдүүлүгүн жогорулатат», — дейт Дюваль.

Мындан тышкары, магний жана калий сыяктуу электролиттер веналардын бошоңдоп турушуна, түзүмүн сактап жана натыйжалуу иштешине жардам берет, — деп кошумчалады ал.

 

Кан айланууну жөнгө салуу

 

Веналардын түзүмү бекем болушу керек, бирок кан айлануунун туура жүрүшү да бирдей мааниге ээ. Кан айлануу жакшы болгондо, кан веналар аркылуу эркин жана үзгүлтүксүз өтөт, ал эми токтоп калуу веналарда бир катар көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.

 

Кан айланууну колдогон пайдалуу заттарга Е витамини жана омега-3 май кычкылы кирет.

 

Е витамини табигый кан суюлткуч болуп эсептелет жана кан уюп калуусун алдын алат. Ал эми омега-3 май кычкылдары кандын коюуланып кетишине жол бербейт жана веналарда тромб пайда болуу коркунучун азайтып, кан агымын жеңилдетет.

 

Дювальдын айтымында, организмге жетиштүү суу берүү да канды өтө коюу жана жабышчаак болуп кетишинен сактап, веналарга болгон жүктү азайтат.

 

Сезгенүүнү көзөмөлдөө

 

Акыркы веналардын дагы бир маанилүү ачкычы — бул сезгенүүгө каршы күрөшүү.

 

Узакка созулган сезгенүү кан тамырлардын дубалдарын алсыратат, эркин радикалдар аркылуу клеткалардын бузулушуна алып келген кислоталык стрессти күчөтөт жана натыйжада төмөнкүдөй оорулардын өрчүшүнө түрткү берет: өнөкөт веноздук жетишсиздик (ӨВЖ), варикоздук кеңейүү жана терең веналык тромбоз (ТВТ), деп түшүндүрөт Дюваль.

 

ӨВЖ — бул абал, мында буттардагы веналар канды жүрөккө эффективдүү кайтара албай калат. Бул учурда кан топтолуп калат да, шишиктер, ооруксунуу, варикоз пайда болот, ал эми оор учурларда жаралар да жаралышы мүмкүн.

 

ТВТ — бул буттардагы веналарда кан уюп калуусу, ал уюган кан жылып барып өпкө кан тамырларын бүтөп, адам өмүрүнө коркунуч жаратуучу өпкө эмболиясына алып келиши ыктымал.

 

Антиоксиданттар, мисалы С витамини, веналарды оксиддик бузулуулардан коргоого жардам берет, дейт ал.

 

Ошондой эле, Дюваль белгилегендей, иштетилген  азыктарда көп кездешкен омега-6 майларынын ашыкчалыгы жана омега-3 май кычкылдарынын жетишсиздиги да сезгенүүнүн күчөшүнө өбөлгө түзөт.

 

Веналардын ден соолугун колдогон азыктар

 

Дюваль белгилегендей, веналардын ден соолугун сактоодо негизги пайдалуу заттардын ролун эске алуу менен кээ бир азыктар веналардын узак мөөнөттүү жана натыйжалуу иштешине чоң салым кошо алат.

 

Системалуу сезгенүүнү жана оксиддик стрессти тамак-аш аркылуу жөнгө салууга болот. Мисалы, изилдөөлөр көрсөткөндөй, Жер Ортолук деңиз (средиземноморская) диетасы — мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, бүтүндөй дан азыктарына жана балык сыяктуу белок булактарына бай диета — бул факторлорго каршы күрөшүүдө өтө натыйжалуу. Жүрөк ишемиясы жана кан тамырлардын функциясынын начардыгы менен жабыркаган бейтаптар ушул диета аркылуу өз кан тамырларынын абалын бир топ жакшырта алышат.

 

Дюваль төмөнкү азыктарды веналардын сактыгын сактоочу негизги каражаттар катары бөлүп көрсөтөт:

 

  • Мөмө жемиштери (мисалы, черника, кара карагат, малина) — антиоксиданттарга бай, сезгенүүнү азайтат жана майда кан тамырларды бекемдейт.
  • Цитрус жемиштери (мисалы, лимон, апельсин, грейпфрут, лайм) — С витаминине жана кан тамырлардын бекемдигин жакшырткан кошулмаларга бай.
  • Жашыл жалбырактуу жашылчалар (мисалы, шпинат, капуста, мангольд) — кан тамырлардын ден соолугун колдогон жана веналардын катып калуусун алдын алган К витаминине бай.
  • Кызылча — нитраттарга бай, алар кан айланууну жакшыртат, азот оксидин жогорулатат жана веналардын кеңейишине жардам берет.
  • Сарымсак жана пияз — табигый сезгенүүгө каршы касиетке ээ, канды суюлтуп, кан айланууну жакшыртат.
  • Кара шоколад (какао көп өлчөмдө камтылган) — кан агымын жана кан тамырлардын иштешин колдогон кошулмаларга бай.
  • Сөөк шорпосу жана коллагенге бай азыктар — бириктиргич ткандарды калыбына келтирип, веналардын стенкаларын бекемдейт.
  • Ашкабактын уруктары жана бадам — магнийге бай, бул кан тамырларды бошоңдотуп, кан айланууну колдойт.
  • Помидор — ликопин антиоксидантына бай, ал кан тамырларды зыяндан коргойт жана кан агымын жакшыртат.

 

Кандай азыктардан алыс болуу керек

 

Кээ бир азыктар веналардын сактыгын колдосо, айрым тамак-аш адаттары, тескерисинче, кан тамырларга зыян келтириши мүмкүн экенин да унутпоо маанилүү.

 

Шекерди, иштетилген  азыктарды, трансмайларды жана спирт ичимдиктерди   тамактанууда көп пайдалануу веналардын бузулушуна алып келиши мүмкүн.

 

«Иштетилген азыктардан баш тартуу шишиктерди жана кан тамырлардын мындан аркы бузулушун алдын алууга жардам берет», — дейт Жоди Дюваль.

 

Анын айтымында, төмөндөгү азыктар кан тамырларга эң чоң зыян келтирет:

  • Рафинаддалган шекер жана фруктоза, жүгөрү сиропу — инсулин деңгээлин жогорулатып, кан тамырларды бузат жана оксиддик стрессти күчөтөт;
  • Рафинатталган өсүмдүк майлары (рапс, соя, күн карама) — омега-6 майларына бай болуп, сезгенүүнү күчөтөт жана кан айланууну начарлатат;
  • Жасалма кошулмалар жана консерванттар — ичегиде сезгенүүнү жаратып, кыйыр түрдө кан тамырлардын ден соолугуна терс таасир берет;
  • Натрийдин ашыкча көлөмү — суюктукту организмде кармап калууга жана шишикке себеп болуп, веналарга кошумча жүк жаратат.

 

Гидратациянын маанилүүлүгү

 

Туура тамактануудан сырткары, веналардын ден соолугун сактоодо дагы бир маанилүү фактор — бул туура гидратация.

 

«Суу кан курамынын чоң бөлүгүн түзөт. Ошондуктан организмдин жетиштүү нымдуулукта болушу канды веналар аркылуу эркин өткөрүүгө жардам берип, тромб жана шишиктердин пайда болуусун азайтат», — дейт The Epoch Times басылмасына, дипломдуу диетолог- нутрициолог, илим магистри Лена Бил.

Дювальдын айтымында: «Суу жетишпегенде кан коюуланып, жабышчаак болуп калат. Бул анын веналар аркылуу натыйжалуу айланышына тоскоол болот».

 

Кандын мындай коюуланышы, айрыкча буттарда, кан топтолуп калышына жана тромбдордун пайда болушуна шарт түзөт. Обезвоживание (организмде суу жетишсиздиги) веналардын ийкемдүүлүгүн андан ары жоготуп, аларды жеңил бузулуу жана варикоз же «талаа тамырлары» (сосудистые звёздочки) сыяктуу ооруларга чалдыгуусуна алып келет,— дейт Дюваль.

 

«Мен дайыма түзүмдүү (структурированную) суу ичүүнү сунуштайм», — деп белгилейт ал.

 

Анын кеңеши боюнча, таңды суу жана минералдар менен баштап, күнү бою үзгүлтүксүз суу ичип туруу керек. Суу ичүүнү суусаган учурда гана эмес, алдын ала да ичип туруу зарыл. Ошондой эле натрий, калий жана магний сыяктуу электролиттердин тең салмактуулугун камсыз кылуу организмде суюктук кармалып, шишиктердин пайда болбошун алдын алат.

 

Дюваль таңды суу, келт деңиз тузу же калийге бай кокос суусу менен баштоону сунуштайт.

 

Организмди комплекстүү колдоо

 

Гидратация менен катар, дене кыймылы дагы маанилүү роль ойнойт.

 

Узак убакыт отуруп калуудан алыс болуңуз жана күнүмдүк жашооңузда ар кандай кыймылдарды кошуңуз», — дейт Дюваль. Анын айтымында, веналар кыймылга жана булчуңдардын жыйрылышына көз каранды, алар кан айланууга, айрыкча буттарга жардам берет.

 

«Веналардын ден соолугу — бул жөн гана кан айлануу эмес, кан тамырлардын бүтүндүгүн сактоо, сезгенүүнү азайтуу жана организмди комплекстүү колдоо», — деп жыйынтыктайт Дюваль.

Веналардагы көйгөйлөрдүн баштапкы белгилерин — көгөргөн тактар, шишиктер, тамырлардын торчо түрүндө көрүнүшү сыяктуу белгилерди байкай билүү маанилүү. Алар кан тамырлардын абалынын начарлап баратканы тууралуу белги болушу мүмкүн. Эгер веналарда олуттуу көйгөйлөр жаралса, сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек.

 

Булагы: The Epoch Times

 

Популярдуу

pic
pic
pic
pic
pic