Эмне үчүн кээде жакшы иш чоң жамандык болуп калат?
Эмне үчүн, чоң жакшылык — бул чоң жамандык, — деп айтышат? Бул макала жүрөгү жумшак адамдарга арналган, анткени дал ушундай адамдар көбүнчө жаман ишти кылып алышы мүмкүн.

У Цинин жашоосу, иштери жана мурасы тууралуу баян
«Тарыхый жазмаларда» (Батыш Хань династиясы) У Ци аттуу Согушчан падышачылыктар мезгилиндеги атактуу генерал тууралуу айтылат. Ал өзүнүн аскерлерине өтө жакшы мамиле кылган. Алар менен бирге ошол эле тамакты жеп, ошол эле шартта уктап, жөө басып, азык-түлүктү өзү кошулуп жонуна коюп көтөрүп жүргөн.
Кышында катуу суукта аскерлер үшүп, тоңуп ооруп жатышканда, У Ци жаралуу солдаттардын жарасынан ириң менен канды өзү соруп тазалаган. Аскердин үй-бүлөсү кыйналып жатса, өзүнүн айлыгын берип жардам көрсөткөн. Ал солдаттарды өз баласындай жакшы көргөн, ошондуктан көпчүлүк аны ишенимдүү жетекчи катары ээрчишкен.
Анын аскерлерине болгон камкордугу тууралуу кабар бир айылга жетет. Ал жакта бир аял бул кабарды укканда аябагандай катуу ыйлайт. Адамдар андан эмне үчүн ыйлап жатканын сурашат.
Аял мындай дейт: «Менин баламды У Цинин аскердик бөлүгүнө дайындашыптыр, бул мен үчүн чоң кайгы!»
Адамдар таң калып айтышат: «Бул жакшы кабар да! Балаңыз мыкты генералдын кол астында кызмат кылат!»
Аял ого бетер катуу ыйлап жиберип айтат: «Силер түшүнгөн жоксуңар. Менин күйөөм да У Цинин командасында кызмат кылган. Ал генералдын жакшылыгына ыраазы болуп, жанын аябай салгылашып, акыры курман болгон. Эми менин уулум дагы У Цинин астында кызмат кылмакчы, демек анын өмүрү дагы коопсуздукта эмес. Кантип ыйлабай коё алам?»
Эми ойлоп көрүңүз, сиз ошол аял болсоңуз, У Циге ыраазы болмоксузбу же анын жакшылыгына нааразы боломоксузбу?
Кулду бошотуу тууралуу окуя
«Люйши Чуньцю» чыгармасында Лу мамлекетинде мындай мыйзам болгону айтылат: кимде-ким чет өлкөдө кулчулукка түшүп калган жердештерин сатып алып, кайра мекенине кайтарып келсе, мамлекеттен сыйлык алган. Бул ишке бай ишкерлер активдүү катышкан.
Конфуцийдин Цзы-гун аттуу шакирти кулду сатып алып, бирок сыйлык алуудан баш тарткан. Эл бул ишти абдан мактап, Цзы-гун чоң урматка ээ болгон. Бирок Конфуций аны сындаган.
Конфуций мындай деген: «Эгер сен муну кылсаң, башкалар эми кулдарды сатып алгысы келбейт!»
Цзы-гун бул иши менен мыкты абройго ээ болду. Бирок башка адамдар жакшылык кылганы үчүн сыйлык алышса, аларды коомчулук Цзы-гундай ак ниет болбогону үчүн сынга алышты.
Эгер адам өзүнүн акчасын коротуп, тобокелге барып, жакшылык кылса, бирок аны сындашып, шылдыңдашса — анда башкалар мындай ишке барышы мүмкүнбү?
Баары Конфуций айткандай болду — ошол учурдан кийин Лу мамлекетинин кулдарын бошоткусу келген адамдар табылбай калды.
Цзы-гундун жасаган иши жакшылык болчу, бирок бул чоң жакшылык чоң жамандыкты алып келди.
Эмне үчүн жүрөгү жумшак адамдар чоң жакшы иштерди кылышат?
Анткени алар боорукер, жардам берүүгө даяр турушат. Бирок ушундай адамдар көп учурда өздөрү билбестен жаман натыйжага алып келген иштерди жасап алышат.
Мисалы, бир жарды адамга бооруң ооруп, күн сайын ага 1 кууч (бир литр) күрүч бересиз. Бирок бир күнү күрүч берүүнү токтотсоңуз, эки нерсе болушу мүмкүн: ал ачкадан өлөт же сизге душман болуп калат.
Анткени ал сиздин жардамыңызга көнүп, өз алдынча жашоо жөндөмүн жоготкон. Ошондуктан ал сизди жек көрүп калат. Айтылгандай, кичинекей жардам ыраазычылык жаратат, бирок чоң жана үзгүлтүксүз жардам көз карандылыкка жана нааразылыкка алып келет.
Эгер адам чындап боорукер болсо, ал атайын жакшы иш кылууга умтулбайт. Эсиңизде болсун: жакшы иш жамандыкка айланып кетиши мүмкүн.