Асыл адамдан орхидеянын жыты келет
Орхидея — гүлдүн, жыпар жыттын жана жалбырактын сулуулугун айкалыштырган белгилүү өсүмдүк. Кытай маданиятында ал рухий жактан өркүндөтүүдөгү туруктуулукту жана бийик адеп-ахлактык принциптерди билдирет.

Сүрөт: freepik.comБамбуктун сабагы бар, бирок гүлдөрү сейрек; кара өрүктүн гүлдөрү бар, бирок жалбырактарынан үнөмдөйт; карагайдын жалбырактары бар, бирок жыпар жыттуу заттарды үнөмдөйт; бир гана орхидеяда бардыгы бар. Орхидея алыскы капчыгайларда жана алыскы тоолордо өсүп, таза жана аңкыган жыпар жытын алыска чачыратат. Ал эч качан өзүнүн жытын жоготпойт жана анын жытынан ырахат алууга даяр адамдардын жоктугуна маани бербейт. Анын таза мүнөзү дүйнөдөгү суктанууга татыктуу улуу касиеттерге окшош.
Орхидея гүлдөрү бийик жана түз, анын асылдыгы бар, сырткы көрүнүшү кереметтүү, назик, жыпар жыттуу, жыты аңкыйт жана жагымдуу. Кытай маданиятынын тарыхында орхидеяны адабиятчылар жана жазуучулар ырдагандай «жыттардын бабасы», «ээн өрөөндүн көркү», «улуттун жыпар жыты» жана «гүлдөр арасындагы айым» — деп да аташат.
Орхидеяны адамдар анын тазалыгы жана бейкүнөөлүгү, жыпар жыттуулугу, анын таза жыты айлананы курчап тургандыгы үчүн урматташат. Көрүүчүлөрдүн жетишсиздигинен жыты азайып кетпейт, сууктан соолбойт, адаттан тышкары өзгөчө касиеттерге ээ. Орхидея чын ыкластуулукту жана сулуулукту билдирет.
Орхидеянын түрлөрү көп, гүлдөө мезгилине жараша жазгы, жайкы, күзгү, кышкы орхидейлерге бөлүнөт, гүлдөрү да жылдын мезгилине жараша өзгөчөлөнөт. Орхидеялардын түрдүү түрлөрүнүн ичинен жапайы жаратылышта, обочо өрөөндөрдө жана тоолордо өскөндөрү өзгөчө сүйүктүү болуп эсептелет.
Анын ичке жалбырактарында ак берметтей ак коңгуроо сымал гүлдөр жиптей созулат. Жаздын кабарын акырын алып жөнөйт, ажайып сулуулукту ачат.
Байыркы Кытайда «асыл таасирдүү чөп» катары да белгилүү болгон ландыш, ээн тоолордогу коктулардын арасындагы токойлордо өсөт. Анын жыты орхидеянын жытына кошулуп, алыскы тоолорду жыпар жыт курчайт. Ландыш гүлү ичке жана назик, абаны укмуштуудай жытка толтуруп, адамды жашоонун унутулгус сезимдерине оңой тартат. Анын жыты, көрүнбөгөн жана тынч, таза жана назик аялдын жарашыктуулугу сыяктуу, назиктик менен жеңилдикти алып жүрөт, акырындык менен өзүнүн эң сонун жытын ачып берет.
Илгеркилер бийик адеп-ахлактык сапаттарга ээ, аруу мүдөөлөрү бар адамдарды даңазалап, аларды «жунцзы» (君子) — асыл эркек деп аташкан. Асыл адам эл арасында өзүнүн бийик адеп-ахлактык сапаттары менен өзгөчөлөнөт, анын жан дүйнөсү карапайым элге жеткиликсиз.
Дүйнөдө сүйкүмдүү деп эсептелген көптөгөн сулуу эркектер менен аялдар бар. Бирок, алар сөзсүз эле бийик адеп-ахлактуу баалуулуктары бар асыл адамдар эмес.
Будда Шакьямуни, чыныгы сулуулук эмне экенин айтып жатып, мындай деген:
«Чыныгы сулуулук – адам оюн-зоокторду көрүүгө, кулагы үндөрдү угууга, мурду жыттарга, тил даамга, дене ырахатка умтулбагандыгында. Бул адамдын чыныгы сулуулугу жана асылдыгы».
Башканын байлыгын уурдабаган кол, — жакшы кол; башкаларга зыяны жок сөз, — жакшы сөз; ал эми мыйзамды бузбаган буттар, жакшы — буттар. Бул дүйнөнүн сулуулуктары, ички жана дагы сырткы, денесиндеги тогуз тешиктен күну-түнү тынымсыз кирлердин чыгып турушу. Бул жерде кандай сулуулук бар?
Алты сезими (көзү, кулагы, мурду, тили, денеси, акылы) таза болгон адам гана жакшылыкка толгон жыпар жыт чыгарат. Ал дайыма Дхарманын коргоосу менен коштолуп, ар бир көз ирмем жыргалчылыкка алып келет. Демек, асыл сапаттарды орхидея менен салыштыра турган болсок, жакшы адамдын касиети орхидея жытындай, ал кайсы жерде болсо да, андан жагымдуу жыт чыгат.
Орхидеялар көптөгөн гүл формаларында болуп, жыпар жыттуу жана ачык түскө ээ. Орхидеялар бардык гүлдөрдүн кооз өзгөчөлүктөрүн, жытын жана формасын, анын ичинде бүт табигый палитрадагы ар түрдүү түстөрдү айкалыштырат.
Кытай маданиятынын тарыхында орхидеялардын сулуулугунан биринчилерден болуп ырахат алган көрүнүктүү Цюй Юань (болжол менен б.з.ч. 340 – 278-ж.), Кытайдын улуу акындарынын ичинен биринчи, Согушчу Падышачылык доорунун тарыхый инсаны болгон. Ал өзүнүн ырында: «Күзгү орхидеалар, таза жана тунук, жашыл жалбырактары, кызгылт көк сабагы, сулуу аялдарга толгон залда» деп жазган.
Конфуций орхидеяны даңазалап, айткан:
«Орхидея терең токойдо өсөт жана айланада эч ким жок болсо да жытын сактабайт. Асыл эркек руханий жактан оңолууну ишке ашырат, жакшылыкты орнотот, жана жакырчылыктан же кыйынчылыктан өз жүрүм-турумун өзгөртпөйт».
Цзо Цю Мин орхидейлерден жасалган таажыга «улуттук жыпар жыт» деген атак берген. Түндүк Сундун убагындагы жазуучу Хуан Тинцзянь бул тууралуу мындай деп жазган:
«Адамда талант, касиет болсо, аны мамлекеттик ишмер деп аташат; эгер аялдын сулуулугу болсо, анда аны элдик сулуу деп аташат; ал эми орхидеянын жыты бүтүндөй бир өлкөнүн жытына теңдеш болсо, анда аны улуттун жыты деп аташат».
Орхидея чындап эле терең тоолордогу сейрек дарактардын арасында өскөн асыл кишиге окшош; ал айланасында адамдар жок болсо да жытын кармап турбайт.
Су Ши айтты: «Жазгы орхидея сулуу аялга окшош». Ду Му мындай деп белгилеген: «Ал асыл адамдын жытына окшош жыт чыграт». Ал эми Цин династиясынан Шэн Фу «Салкыма жашоонун алты эскертүүсү» деген эмгегинде: « Гүлдөрдүн арасында орхидея сырдуу жыты жана ажайып стили үчүн эң мыктысы болуп эсептелет» деп белгилеген. Ар бир доордун акын-жазуучулары орхидеяга болгон өзгөчө сүйүүсүн билдирип, орхидеяны «падышалардын жыты» деп мактаган көптөгөн ырларды жазышкан.
Адамдын адеп-ахлагынын өзүнүн деңгээли бар, гүлдөр да өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ. Кара өрүк тунук түзүлүшү менен мүнөздөлөт, орхидея сырдуу жыт чыгарат; хризантема текебер жана катуу суукка чыдамдуу; таза лотостун жашыл, калкан сымал жалбырактары бар, алар калкып, суунун бетинен өйдө көтөрүлөт; пион, улуттук гүл катары асыл жыты бар. Алардын ар биринде өзүнүн кайталангыс мүнөзү жана жагымдуулугу бар.
Өзүнүн асыл мүнөзү, ажайып формасы жана жагымдуу жыты менен орхидея байыртан бери эле «гүлдөрдүн мырзасы», деп эсептелип келген. Чынында эле, орхидея адептүү жана атак-даңкка, байлыкка умтулбай, тазалыгын сактаган асыл адамдардай.
Цюй Юань бир жолу орхидея жытынын кереметтүү тазалыгын жана улуулугун пайдаланып, ийгиликке жетүү үчүн дүйнөнүн ызы-чуусуна аралашпоону, компромисске барбоо каалоосун билдирген. Асыл адам окуу учурунда жалгыздыкка чыдап, «ээн өрөөндө өскөн орхидеялардай жыпар жыты менен өзү абаны толтургандай», дүнүйө түйшүктөрүнөн жогору турган адам болушу керек.
Орхидея ошондой эле сүйүүдөгү ишенимди, бекем достукту, дүнүйө баалуулуктарынан эркиндикти, бийик нерселерге умтулууну, ошондой эле таза, асыл жана ыйыктыкты билдирет. Орхидея достуктун гүлү да болуп эсептелет, андыктан анда айтылбаган чыныгы сезимдер камтылган.
Башаламандык менен булганган дүйнөдө ач көз, өзүмчүл адамдардын деми укмуштуудай жыты чирип, ириңдүү суюктукка окшош. Акыйкатка ишенген асыл инсандан чыккан мээримдин нуру, кыйынчылыкка карабай мээримдүүлүк жана сабырдуулук, терең өрөөндөгү таза абанын жытындай, жүрөктөрдү сергектикке, аруулукка толтургандай.
Чыныгы асыл адам гүлгө окшош, ал гүлдөрдүн жалбырактары ачылып, башкаларга өзүнүн жыпар жытын тартуулайт. Улуу жарык дүйнөгө боорукердиги менен жарык чачат. Чыныгы адамда асылдык, тактык, бийик максаттарга умтулуу, боорукер жүрөк жана орхидея сыяктуу туруктуулук бар. Алардын жүрөктөрү ар кимге ачык жана алар дүнүйөкорлукка убара болушпайт. Асыл адамдын касиети бул дүйнөнүн кыйынчылыгына, бороон-чапкынына жылмайып, бекем, ийилбестен караган орхидея жытындай.
Жашоонун чыныгы маңызы булакка кайтуу, табигый агымды ээрчип, байлануудан арылып, жан дүйнөсүнө тынчтык издөөдө. Руханий өнүгүү процессинде адам өзүнүн ички абалын дайыма жакшыртып турат. Асыл адам орхидеянын жытындай, анын жагымдуу жытын байкатбай жайып, бул дүйнөгө тынчтык алып келет. Ал жан аябастан жана тынымсыз дүйнөгө көзгө көрүнбөгөн жылуулук жана сергектик тартуулайт.