Айдын жарыгында: сүйүү жана өлбөстүк жөнүндө легенда
Илгери Асман жомок менен дем алып турганда, ал эми жылдыздар эзелки ысымдарды шыбыраган учурда, дүйнөдө он Күн бар болчу. Алар бир учурда асманда күйүп, эгин талааларын өрттөп, дарыяларды кургатып, жерди жалынга чулгап турган. Элдер азап тартып, жада калса арбактар да ыссыкка чыдабай жашынып калышкан.

Ошондо чыгыштагы улуу өлкөдөн баатыр чыккан — жаачы Хоу И. Ал жаасын көтөрүп, тогуз күндү атып түшүргөн, бирөөсүн гана калтырган — ал болсо күйүп жылуулук берип, бирок күйгүзгөн эмес. Элдер үмүткө кайрадан ээ болушат, ал эми Асман Императору Хоу Иге ыраазычылык иретинде, ага өлбөстүк эликсирин тартуулаган.
Бирок Хоу И жөн гана баатыр эмес эле — ал сүйүп калган. Анын жубайы, сулуу Чанъэ, жаздын жаны эле — назик, мээримдүү, жарык чачкан. Хоу И эликсирди ылайыктуу күн келгенде экөөбүз чогуу ичебиз, ошондо түбөлүккө бирге болобуз деген ой менен катып коёт.
Бирок бир күнү … баатырдын үйүнө көрө албаган шакирти кирип барып, эликсирди талап кылат. Элексирди анын колунан сактап калыш үчүн, Чанъэ өзү ичип жиберет.
Анын денеси булуттай жеңил, жер үстүнөн көтөрүлүп, асманды аралап Айга чейин көтөрүлөт. Ошондон бери ал ошол жерде — айдын нурунан жаралган тунук сарайда жалгыз жашайт, сүйүүсү калган жерди карап.
Анын жалгызсырабашы үчүн Асман ага дос жиберет — Нефрит Коёнду.
Ал кардай аппак, жумшак колдору, тунук көздөрү менен жылдыз чөптөрдү жана жылтыраган таштарды терип, эзип алардан жаңы эликсир жасоого аракет кылат. Бул жолу ал өлбөстүк эмес — кайра кошулуу үчүн эликсири. Чанъэ кайгылуу көздөрү менен жылмайып карап турат, ал эми Коён болсо ишин эч качан токтотпойт.
Кылымдар муз астындагы суудай агып өттү… Бир күнү, тынчтык ээлеген, өзгөчө жалгыздык түнүндө, Чанъэндин көз жашы Коёндун эзгичине тамат. Ал көз жаш метеор чаңына жана түшүндөгүдөй кооз гүлдөргө аралашып, алтын нурдай жарык чачты.
— Бул ошол эликсир, — деп шыбырады Коён, — жолугуунун эликсири.
Чанъэ аны ичип жиберди…
Ай жарк этти. Жылдыздар дагы да жарыгын чачты. Күмүш туман арасынан Хоу И пайда болду — ал Чанъэнин эсиндегидей эле экен. Ал анын колун кармады.
— Мен сага түбөлүктүү убакытты аралап өтүп келдим, — деди ал. — Сен болсо ушул убакка чейин, мага жолду жарык кылып көрсөтүп келдиң.
Алар мындан ары эч качан ажырашышпады.
Ошондон бери Айдын жарыгы жумшак жана жылуу чачырайт. Чанъэ менен Хоу И анын жарыгында жашашат, жанында болсо, баягыдай эле чөп эзип жаткан ар дайым кубунычтуу Нефрит Коён турат. Ал азыр эликсир эмес, үмүт жасайт — күтүп жаткан, сүйгөн жана ишенгендер үчүн, деп айтышат.
Булак: GAN JING WORLD