Активдүү бол

 Урматтуу окурмандар!

 Yuanming.com.kg веб-сайты ыктыярдуу негизде түзүлгөн жана коммерциялык   максаттарды көздөбөйт.

Веб-сайттын негизги максаты – Кытайдагы Фалунь Дафа (же Фалуньгун)   практикасы менен машыккандардын укуктарынын бузулушу тууралуу   маалыматтарды жарыялоо. Бул үчүн биз Фалуньгунга тиешелүү ар кандай     ишенимдүү сайттардан алынган жана биринчи булактарга таянган кабарларды     колдонобуз.

 Yuanming веб-сайты көп тилде иш алып барат жана Кытайдагы, ошондой эле   дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү Фалунь Дафа практикасы менен машыккандардын    жашоосу тууралуу маалымат берүүчү терезе катары кызмат кылат. Сайтта   байыркы Кытай тууралуу кызыктуу окуялар да бар, алар окурмандардын   тынымсыз кызыгуусун жаратып келет.

Сайт, Фалуньгун окутуусун же практикасын жайылтууну көздөбөйт. Бул сайттагы   маалыматтар жалган маалыматтарды жокко чыгарууга жана чындыкты   чагылдырууга багытталган, айрыкча Кытай компартиясынын көзөмөлү алдында   таратылган туура эмес маалыматтарды четке кагуу.

 Сиз эмне кыла аласыз?

  1. Сизге жагып жана маанилүү деп эсептеген макалалар менен социалдык тармактарда бөлүшүңүз.
  2. Досторуңузга жана жакындарыңызга кырдаалдын шашылыштыгы тууралуу айтып бериңиз.
  3. Жергиликтүү бийлик органдарын жана саясатчыларды кабардар кылыңыз, аларды мүмкүн болгон чараларды көрүүгө чакырыңыз.

 Биз ар кандай жардам үчүн ыраазычылык билдиребиз жана сизге   колдооңуз үчүн рахмат айтабыз!

 

 Органдарды күч менен алуу аракеттерине каршы петицияга кол коюңуз