Жаш ишкер чыныгы бакытты табууда

Кен Труонг, жаш ишкер жана экинчи муундагы иммигрант, бир нече жыл мурун Вьетнамда ийгиликтүу компаниянын ээси болчу. Бирок, ал материалдык ырахатка тоюнганы менен ички дүйнөсү алсырап баратканын сезди. Ал жакында, ички бейпилдикти жана чыныгы бакытты кантип тапканы менен бөлүштү.

 

АКШда төрөлүп, Сан-Диегодо чоңойгон Кендин балалыгы бейкапар жана бактылуу өткөн. «Ата-энем мени  эркелетишип, ар кандай оюнчуктарды сатып беришип, окуума да жардам беришти,— деп эскерет Кен,— бирок мен өзүмчүл болуп чоңойдум, ырахатка жана көңүл ачууга гана умтулчумун». Кен жашоого салкын көз караштагы, күчтүү жана амбициялуу жигит болуп чоңойгон. «Бизнести башкаруу», боюнча MBA даражасын алгандан кийин, 25 жашында Вьетнамда бизнести негиздечүулөрдүн бири болгон.

 

Кен Труонг

 

Кен аны кеңейтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, бизнести ийгиликтүү башкарган. Анын компаниясы рынокто алдыңкы орунду ээлеген. Кен: «Мен ийгиликтин жана атактуулуктун эң бийик деңгээлине жеттим, бирок жетишүү аркылуу мунун маанисиз экенин түшүндүм», — деди.

 

Талыкпай эмгектенип, өзүнө ыраазы болгон менен түнү тынч уктай албады. «Ошол учурда мен коркууну сездим, ал сезим мени каптап кетти», — деп эскерет Кен.

 

Ал буддизмдин жолун жолдогон апасы жөнүндө көп ойлончу, анын адамдарга жасаган жакшы мамилесин эстеп жүрчү. Ошол кезде апасынын таасири астында Кен монастырга кирүүнү да ойлогон.

 

Дүйнө жүзү боюнча өркүндөөтүү ыкмасын издөө

 

Кен 31 жашка чыкканда материалдык байлыкка умтулууну токтотууну чечти: «Канчалык акча тапсаң да, канча келишим түзбө, канча жакшы тамак жейсиң, канча кыймылсыз мүлкүң болсо да, материалдык пайда  чыныгы канааттанууну алып келбейт. Мен руханий агаруу — адам жете турган эң баалуу нерсе экенин түшүндүм».

 

Кен Вьетнамдан кетип, рухий дүйнөнүн  кызыктуу сапарына аттанды. Ал Бордодогу (Франция) буддисттердин монастырына барып, ар кандай медитация семинарларына катышып, рухий практикалар тууралуу маалыматты интернеттен издеди.

 

2014-жылдын 22-июнунда ал Сан-Диегого, үйүнө кайтып келип, ал жерде медитация боюнча семинарга катышып, интернеттен Фалуньгун көнүгүүлөрүн үйрөтүүчү видеону көрүп калган. Шилтемени басып, ал Фалунь Дафа практикасы тууралуу макаланы жана Ли Хунчжинин көнүгүүлөрү боюнча комментарийлерди окуду.

 

Кен дароо кызыкты: «Бул практика Ааламдын принциптерине негизделген! Энергия механизми сиз жумушта же башка иштер менен алектенсеңиз деле, сизди тазалап толуктайт. Укмуш!»

 

Капчыгына колун сунган Кен кредиттик картасын алып чыкты, бирок семинардын акысын кантип төлөш керектигин билбеди. Ал Фалунь Дафа тренинги толугу менен бекер экенин билгенде ого бетер таң калды: «Биздин коомдо бардык нерсе акча табууга багытталган. Медитация семинарлары, адатта, бир нече жүз доллар турат. Ал бул адаттан тышкары практика экенин түшүндү».

 

Кен дароо жергиликтүү машыгуу сайтына кирип, дароо эле Фалунь Дафа китептерин окуп, көнүгүүлөрдү онлайн үйрөнө баштады. Ал көп өтпөй топтук көнүгүүлөргө жана Фаны изилдеп окууга кошулуп, чындыкты түшүндүрүү иш-чараларына катыша баштады.

 

Кен бешинчи Фалунь Дафа көнүгүүсүн, медитацияны жасоодо

 

Иште да өзүңдү өркүндөтүу абалынды сактоо

 

2017-жылы Кен Фалуньгун практиктери тарабынан түзүлгөн медиа каражаттарынын социалдык медиа ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй баштаган. Күнүмдүк тынымсыз жумушка, ар кандай кыйынчылыктарга карабастан, өзүн жакшы өркүндөтүу абалын сактоого аракет кылат.

 

Ал жооптуу болгон долбоор ишке киргизилип, жабылып жана кайра иштеп баштаган. Кен белгилегендей, «Бул процесс мага Миларепа Будданын өстүрүү тарыхын эске салат. Мугалим ага мунара курууну буюрган, бирок курулуш даяр болгон сайын нааразычылыгын билдирип, баарын башынан баштоону буюрган».

 

Машыгууну баштаганга чейин Кен жумушта туура эмес нерселер болуп кеткенде көңүлү чөкчү, бирок Фалуньгун менен өзүн өстүрүп баштагандан бери ал өзгөрдү. «Кыйынчылыктар менин деңгээлимди жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Туура мамиле кылуунун бирден-бир жолу — жакшы өзүңдү өстүрүү», —  дейт ал.

 

Дафа менен өнүгүү Кенге жөнөкөйлүктү сактоого да жардам берет: «Мен зор Ааламдын бир бөлүгү экенимди түшүнөм. Баары ирээттелген жана мен өзүмдүн жумушумду жакшы аткарышым керек. Ааламдын «Чындык-Боорукердик-Сабырдуулук» принциптерине карама-каршы келгендин ордуна, өзүмдү өстүрүугө аракет кылам».

 

Кен терс ой жүгүртүүнү жеңе алган тажрыйбасы менен бөлүштү. Кен жолугушууда кесиптештерин угуп отуруп: «Бул жаман ой. Бул ишке ашпай калат. Бул кандай келесоолук… ». Күтүлбөгөн жерден ал өзүнүн Фалунь Дафанын машыгуучусу экенин эстеди: «Бул менин өстүрүү абалымдын сыноосу эмеспи? Мен Дафанын принциптерин кармашым керек». Ал терс ойлордун агымын дароо токтотуп, кесиптешине колдоо көрсөткөн.

 

Кендин айтымында, ал ачууланып, жадагалса аны сындаганга же алдаганга аракет кылгандардан өч алууну көздөгөн. Фалунь Дафа менен машыгуу ага биринчи кезекте башкалар жөнүндө ойлонууга үйрөттү: «Мен туура иш кылсам, айланамдагы адамдар бактылуу болушат, бул мени бактылуу кылат».

 

Жашоонун маанисин табуу

 

«Көпчүлүк адамдар жашоонун маанисин табууга умтулушат, бирок ал адамзаттан жашырылган» дейт Кен. «Бардык нерсе аны жашыруу жана антты аткарууга тоскоол кылуу үчүн жасалган, ошондуктан биз убактылуу жыргалчылыкка умтулуп, миссиябызды унутуп калабыз». Тасмалар, спирт ичимдиктери, социалдык тармактар, видеооюндар жана башкалар дароо ырахат тартуулайт, бирок алар биздин милдеттерибизди унуттурат. Бул жердеги  жашообуздун маанисин табуу үчүн чоң эрдик керек. Биз качан жооп издеп баштаганда, Аалам бизге жардам берет.

 

Кеч болуп калганча күтүүнүн кереги жок. Адамдар, мисалы, рак диагнозу коюлган  жакындарын жоготуп, же кыйынчылыкка дуушар болгон чоң азапка туш болгондо гана ойлорун кескин өзгөртө алат. Кырсыктар, согуштар жана оорулар  жана  кокустуктарга  эмес, биз жакшылыкка умтулушубуз керек, ошондо Кудай бизди коргойт. Бул Ааламдын мыйзамы: «жакшылык жакшылык менен сыйланат, ал эми жамандык жазаланат».

 

Кен Фалунь Дафанын машыгуучусу болууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн Ли Мугалимге чын жүрөктөн ыраазы. «Мен жашоонун маанисин таптым» дейт ал. «Күн сайын кечинде канааттануу менен уктайм. Бул баа жеткис жана керемет!»

 

Фалунь Дафа деген эмне? 

 

Фалунь Дафа (же Фалуньгун) практикасы коомчулукка 1992-жылы Чанчунда Ли Хунчжи мугалим тарабынан киргизилген. Азыр Фалунь Дафа дүйнө жүзү боюнча 100дөн ашык өлкөдө жана аймактарда таркап аны менен ийгиликтүү машыгышат. Чындык-Боорукердик-Сабырдуулук принциптерине негизделген жана беш медитация көнүгүүлөрүн камтыган бул руханий практиканын миллиондогон жолдоочулары ден соолугун жана мүнөзүн жакшыртышты. 

 

Кытайдын компартиясынын (ККПнын) мурдагы жетекчиси Цзян Цзэминь бул руханий практиканын популярдуулугунун өсүп баратканына тынчсызданып, аны ККПнын атеисттик идеологиясына коркунуч катары көрүп, 1999-жылдын 20-июлунда Фалуньгунду куугунтуктоо боюнча буйрук чыгарган. 

 

Minghui.org веб-сайты 25 жылдык куугунтуктун натыйжасында өмүрүнөн ажыраган бир нече миң Фалуньгун практиктеринин өлүмүн тастыктады. Өлгөндөрдүн иш жүзүндөгү саны бул көрсөткүчтөрдөн алда канча көп деп болжолдонууда. Фалунь Дафанын практиктери дагы мыйзамсыз түрдө камалып, ишеними үчүн кыйноого алынган. 

 

Трансплантациялоо үчүн органдарды алуу үчүн өлтүрүлгөн камактагы Фалуньгун практиктеринин органдарын мажбурлап алуу боюнча ККПнын кылмыштарынын конкреттүү далилдери бар. 

 

Цзяндын жеке жетекчилиги астында ККП «Офис 610» түздү, анын ыйгарым укуктары полиция менен сот бийлигинен ашкан мыйзамдан тышкаркы коопсуздук агенттиги.«Офис 610» жалгыз милдети Фалуньгунду куугунтуктоо. 

 

Булак: en.minghui.org

Популярдуу

pic
pic
pic
pic
pic

Тиешелүү материалдар:

Ищем похожие...