Тайвандык дарыгердин эң жогорку миссиясы
Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн доктурлар Фалунь Дафа, терең байыркы өзүн өркүндөтүү практикасы менен машыгышат. Фалунь Дафа менен машыгуу жакшы физикалык жана психологиялык ден соолукка жетүүгө жардам берет жана жашоонун чыныгы мааниси эмнеде экенин, адамдарга кантип жакшы жардам берүү керектигин түшүнүүгө жардам берет.
Жашоонун жаңы горизонттору
37 жаштагы доктор Хуан Чань-Фэн Тайвандын Саламаттык сактоо жана бакубатчылык министрлигинин Мяоли округдук ооруканасында психиатрия бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Ал боорукер адам жана таланттуу дарыгер.
20 жылдан ашык убакыт мурун, Хуан Тайбэйдеги Цзяньго орто мектебинин окуучусу болуп жүргөндө, ал күн сайын математика боюнча эл аралык олимпиадада жеңишке жетүү жөнүндө ойлончу. Бирок, бир Китеп күтүүсүздөн анын жашоосунда жаңы горизонтторду ачты.

Сүрөт сабагы учурунда Хуан китеп текчеден «Чжуань Фалунь» Китебин көрүп калган. Кызыкканынан алып, аны эки күндө окуп чыкты. «Мен күтүлбөгөн жерден ойгонуп, мен үчүн жаңы горизонттор ачылгандай болду»,— деди ал. — Экинчи жолу Китепти окугандан кийин мен Фалунь Дафа — бул өзгөчө кубаттуу өстүрүү практикасы экенин, жөнөкөй цигун же өзгөчө күч эмес экенин түшүндүм».
Күчтүү атаандаштыктан улам, Хуан мектепте окуп жүргөндө көп учурда эмоциялык стресске дуушар болуп, жеңишке катуу берилип, утулуп калганда абдан тынчсызданган. Китепти окугандан кийин көзү ачылып, академиялык баа боюнча баарынан ашып кетүү каалоосунан арылып, аң-сезими көлдүн мемиреген бетиндей тынч, тунук боло баштады. Анын жашоосу жакшы жакка өзгөрдү. «Менин түшүнүгүм жана концентрациям абдан жакшырды, мен Фa китептерин окуганда өзүмдү бактылуу жана тынч сездим», — деди ал.
Ар күнү эртең менен Хуан колледжге кирүү сынагына даярдануунун оор түйшүгүнө карабай Чан Кайши Мемориалдык залынын жанында Фалунь Дафа көнүгүүлөрүн кылдаттык менен аткарчу. Ал мындай деди: «Мен экинчи «Тик тирөөч Фалунь» көнүгүүнү жасаганда, бүт денем ооручу, бирок аягына чейин чыдачумун. Күндөрдүн биринде ушул көнгүү учурунда, бүт денем аркылуу, башыман буттарыма чейин жылуу энергия агымы өтүп кетти, анан мен өзүмдү салкын жана сергек сезип калдым».
Бүгүнкү күндө Хуан адатта «Чжуань Фалунь» Китебинен эки же үч лекция окуп, көнүгүүлөрдү күн сайын жатар алдында жасайт. Ал мындай деп бөлүштү: «Медитация кылганда көп учурда мени Ааламдагы бардык жашоочулар карап жаткандай сезилет жана мен Мугалим Ли (Фалунь Дафанын негиздөөчүсү) ар дайым жанымда экенин сезем». Дафанын батасын алгандан кийин Хуан окуусуна көбүрөөк көңүл буруп, баалары жакшырып жана ал Мамлекеттик Ян-мин университетинин медициналык факультетине кабыл алынды.
Медициналык жамааттарда чындыкты түшүндүрүү
Хуан колледжде окуп жүргөндө, Фалунь Дафанын тирүү практиктеринин органдарын Кытайдын компартиясы (ККП) уруксаты менен мажбурлап алуу тууралуу кабарлар пайда болгон. Хуан шок болуп, эмне кылааларын билбей калды. Колледжде ар кандай адистиктеги дарыгерлер лекцияларды окушкан жана бир күнү сабактын аягында Хуан кайраттанып, мугалимге материктик Кытайдагы Фалунь Дафаны куугунтуктоо жана органдарды алуу жөнүндө айтып берген.
Жылдар өткөндөн кийин, Хуан бул мугалимди стажировкада жүргөндө башкы ардагерлер ооруканасынан жолуктурат. Мугалим аны таанып, Хуандын ага айткан сөздөрүн эстеди. Хуан анын сөздөрүнөн таасирленип, эмне үчүн дарыгер болгонун түшүндү — анда жогорку миссияны аткаруу милдети бар болчу.
2012-жылы Хуан органдарды трансплантациялоо Ассоциациясынын мүчөсү болот жана башка Фалунь Дафа жолддочулары менен бирге дүйнө жүзү боюнча жылдык конференцияларда медициналык кесиптештерине Дафа жөнүндөгү фактыларды айта баштады.
«Мен медициналык топтордогу адамдарга жардам берүү каалоом менин жүрөгүмдүн түпкүрүнөн чыкканын айттым жана алар куугунтукка жана органды мажбурлап алууга каршы петицияга кол коюп гана тим болбостон, дагы эмне кылса болот деп сурашты, — деди Хуанг. — Кээ бир доктурлар маалыматтык видеолорду талап кылышты, аларды ооруканадагы бейтаптарына көрсөтүштү» .

Хуан жана анын кесиптештери-Фалунь Дафанын машыгуучулары бир нече жылдар бою он миңдеген медициналык адистерге кайрылышып, алардын көңүлүн Кытай компартиясынын органдарды жыйноо кылмышына бурушту. Алар ошондой эле дүйнө өкмөттөрүн жана эл аралык уюмдарды ырайымсыз куугунтукка көңүл бурушуп, аны токтотууга жардам берүүлөрүнө чакырышты.
Дафанын ден-соолукка тийгизген таасирин жеткизиш үчүн медициналык билимди колдонуу
Дарыгер-психиатр катары Хуан күн сайын депрессияга кабылган көптөгөн бейтаптар менен жолугушат. Ал аларга терс ойлорду жок кылуунун жана аларды позитивдүү ойлор менен алмаштыруунун маанилүүлүгүн айтат. Анын айтымында, убакыттын өтүшү менен стрессти пайда кылган терс ойлор баш оору, көкүрөктүн кысылышы, жүрөктүн тез кагышы жана жалпы тынчыздануу сыяктуу физикалык көйгөйлөргө алып келет.
2013-жылы Хуан эпидемиология жана профилактикалык медицина боюнча докторлук ишин баштады. Ал адамдын ден соолугу менен цигун практикасынын ортосундагы байланышты профессионалдык көз караш менен изилдеген. Доктор Дон Юхун менен бирдикте айыккыс рак менен ооруган 152 учурду анализдегенден кийин, алар Фалунь Дафа менен машыгуу өмүрдү узартарын аныкташкан. Бул макала Американын клиникалык онкология коомунун жылдык жыйынынын катышуучулары үчүн басылып чыккан.
Доктор Хуан өзүнүн тажрыйбасына таянып, Фалунь Дафа менен машыгуу иммундук клеткалардын активдүүлүгүн бир топ жогорулатып, жашоонун сапатын жакшыртат деп эсептейт. Ал мындай деди: «Мен Фалунь Дафа менен машыгып баштагандан кийин иммунитетим абдан көтөрүлүп, суук тийип ооруп калуу азайды. Мен өзүмдү тынч сезем, алаксыбайм. Уйкум да, маанайым да турукташып калды. Фалунь Дафа атайын ооруну дарылоо үчүн колдонулбаса да, ал чындыгында ден-соолукту клеткалык деңгээлде жакшыртат, бул акыл менен дененин сак болушуна өбөлгө түзөт».
Дафа менен машыгуу бүт үй-бүлөгө пайда алып келет
2023-жылы Хуанга бөлүм башчынын кызмат орду сунушталып, анын милдетине административдик иштер да кошулган. Бирок ал Фалунь Дафаны окуу жана көнүгүүлөрүн жасоону улантууда, анткени ал палатадагы бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге мээримдүүлүк менен мамиле кылуусуна жардам берет.
Ушундай оор шарттарда да Хуан жакшы күйөө жана ата болууга аракет кылат. Бир күнү аялы катуу ооруп, бир нече күн төшөктө жатып калды. Ал өзү аны тамактандырып, жууш керек болду. Аялынын абалы оңолбосо эмне кыларын ойлоп, Ли Мугалимдин жазганын эстеди.
Мугалим: «Адамда адеп-ахлак, адилеттүүлүктөн тышкары жубайлардын ортосунда жакшылык да болот. Ал аял сага бүт өмүрүн берди, эркек, аялым мага бүт өмүрүн арнады, мен ал үчүн жоопкерчиликтемин деп ойлошу керек» («Азия-Тынч океан аймагындагы шакирттери менен жолугушуусунда Фаны айтуу »).
Хуан аялын кандай гана келечек күтүп турбасын, ага кам көрүүгө милдеттүү экенин түшүндү, анткени аялы ага ишенет. Ушул ой башына келери менен акылы айкын боло баштады. Кереметтүү түрдө Хуандын аялы бат эле айыгып кетти. Хуан ар кандай кыйынчылыктарга туш болгондо ар дайым ички дүйнөсүнө карайт. Алар деле кээде урушуп кетишет.
Экөө көбүнчө балдарды тарбиялоону талкуулашат. Хуан балдарынын ата-энесинин жүрүм-турумун кайталап жатканын байкаган. Балдар алардын жүрүм-турумдарын көчүрүшүп, бири-бирине нааразы болгондо кыжырданышат. Ошондуктан Хуан менен жубайы өзүмчүлдүктү четке кагышып, бири-бирине көңүл бурушуп, жумшак жана тил алчаак болуп өзгөрүштү.
Фалунь Дафа деген эмне?
Фалунь Дафа (же Фалуньгун) практикасы коомчулукка 1992-жылы Чанчунда Ли Хунчжи мугалим тарабынан киргизилген. Азыр Фалунь Дафа дүйнө жүзү боюнча 100дөн ашык өлкөдө жана аймактарда таркап аны менен ийгиликтүү машыгышат. Чындык-Боорукердик-Сабырдуулук принциптерине негизделген жана беш медитация көнүгүүлөрүн камтыган бул руханий практиканын миллиондогон жолдоочулары ден соолугун жана мүнөзүн жакшыртышты.
Кытайдын компартиясынын (ККПнын) мурдагы жетекчиси Цзян Цзэминь бул руханий практиканын популярдуулугунун өсүп баратканына тынчсызданып, аны ККПнын атеисттик идеологиясына коркунуч катары көрүп, 1999-жылдын 20-июлунда Фалуньгунду куугунтуктоо боюнча буйрук чыгарган.
Minghui.org веб-сайты 25 жылдык куугунтуктун натыйжасында өмүрүнөн ажыраган бир нече миң Фалуньгун практиктеринин өлүмүн тастыктады. Өлгөндөрдүн иш жүзүндөгү саны бул көрсөткүчтөрдөн алда канча көп деп болжолдонууда. Фалунь Дафанын практиктери дагы мыйзамсыз түрдө камалып, ишеними үчүн кыйноого алынган.
Трансплантациялоо үчүн органдарды алуу үчүн өлтүрүлгөн камактагы Фалуньгун практиктеринин органдарын мажбурлап алуу боюнча ККПнын кылмыштарынын конкреттүү далилдери бар.
Цзяндын жеке жетекчилиги астында ККП «Офис 610» түздү, анын ыйгарым укуктары полиция менен сот бийлигинен ашкан мыйзамдан тышкаркы коопсуздук агенттиги. «Офис 610» жалгыз милдети Фалуньгунду куугунтуктоо.
Булак: en.minghui.org