Нааразычылыкка толгон жаш жигит кандайча боорукер жана тынч мүнөздүүгө айланды
Цзяньву жаш кезинен тартып эле бунтарь болуп, ар дайым авторитеттерге каршы чыгууга даяр болчу. Ал мектептеги окуу китептерин эскирген жана кызыксыз деп эсептесе да, жакшы окуп, ал тургай белгилүү колледжге англис тили багыты боюнча тапшырып, окууга өткөн.
Адабиятка жакын адамдар ар кандай көз караштарга ээ болушу мүмкүн деп эсептелгендиктен, Цзяньву адабий теориялар менен сын-пикирлерди изилдеп, экзистенциализм жөнүндө китептерди окуп, коомдогу агымдарга ээрчип, адамдарды жана окуяларды дайыма сындоого көнүп алган.
Ал көбүнчө ашкере сезимдерге алдырчу жана жашоонун кыйынчылыктарына көп нааразы болчу. Кандай нерсе мындай жаш жигитти өзгөртүп, жашоосун жаңы жолго салып кетти экен?

Кыйынчылык көргөн жаш жигит
Цзяньву университетти бүтүргөн. Анын ордунда башка чет элдик компанияда иштеп же англис тилинен мугалим болуп кетмек. Бирок «кадимки» жумуш ага кызыксыз көрүнчү. Ал көп акча табуу үчүн эмне гана кылган жок: эски үйлөрдү оңдоп түзөөгө катышкан, сүрөтчүлөр студиясын жетектеген, сүрөт галереяда администратор болгон, документтерди которгон, курулушта иштеген, дыйкан базарында жумуртка саткан. Бирок болгон аракетине жана өжөрлүгүнө карабастан, Цзяньву көп акча табуу кыялына жеткен жок.
Цзяньву өзүн акылдуу жана зирек адам деп эсептегендиктен, неге дайыма ийгиликсиздикке дуушар болуп жатканын түшүнө албай жүрдү. Ал Австралияга да барган, бирок англис тилин жакшы билгени менен, үч ай бою жумушка орношо алган эмес. Акыры ресторанга ишке киргенде, ээсинен эч кандай себепсиз уруш уккан соң, жумуштан айдалган.
Цзяньву канча жыл бою тынымсыз иштегенине карабастан, чоң акча таба алган жок. Ал мунун себебин издеп, өзү жөнүндө ойлонуп калды: кантип жакшы билим алса да, эмне үчүн карьерасы өйдөлөбөй, он жыл өтсө да эч нерсеге жете албады?
Кийинчерээк ал түшүндү: социализмдин таасири алдында жашап келген экен. «Азыр мен түшүнүп турам — социализмдин түпкү тамыры коммунизмде. Сыртынан ал “тең укуктар” деп көрүнгөнү менен, чындыгында адамдар кармалык карызын кайтарбай эле коёт деген түшүнүктү жаратат. Бирок чындыгында адамдардын ортосунда себеп-натыйжа кармалык байланышы бар».
Унаа кырсыгынан аман калуу
Достору ага жакшы жумуш изде деп кеңеш беришсе да, Цзяньву аларды укчу эмес. «Мен кирпи сымал болчумун. Досторго бурк этип жооп берип, жалгыз мен гана туурадай сезчүмүн», — деп эскерет Цзяньву.
Ал Тайванга кайтып келген соң да, жумуш таба алган жок. Анын ачуулуу мүнөзү жана жашоого болгон мамилеси жөнүндө билишкен жетекчилер аны жумушка алуудан баш тартышчу. Ал тургай достору да андан алыстап кетти.
Көп убаракерчиликтен кийин, Цзяньву мамлекеттик мекемеде келишимдик негизде ишке орношту. Бирок ал жакка жетиш үчүн күн сайын 70 чакырым жол жүрүшү керек болчу, аба ырайына карабай. Ал эми мамлекеттик жумуш мурдагыдай чыгармачыл эркиндик эмес, чоң басым менен коштолчу. Цзяньвунун маанайы төмөндөп, ал өзүн түшүнүксүз абалда тапты — баары жайында өңдөнгөнү менен, бир заматта ачууланып чыга калчу. Кызы менен урушуп кеткенден кийин, дарыгер ага депрессияга каршы дары жазып берди.
Жумуштун оордугу, уйкунун жетишсиздиги жана дарылардан улам Цзяньву көп учурда рульда баратып уктап кетчү. Акыры бир жолу бакка урунуп, унаа кырсыгына кабылды. Унаасы толугу менен жараксыз абалга келгени менен, ал өзү бир аз көгала тактар менен аман калды.
Өзүн-өзү өнүктүрүү жолуна түшүү
Бул кыйынчылыктар Цзяньвуну ойлонууга түрттү: «Мүмкүн бул кыйынчылыктар — Кудайдын эскерткени, мага жакшыраак иш кылуу керектигин айтып жаткан чыгар», — дейт Цзяньву. Ал өзгөрүүгө даяр болгондо, мүмкүнчүлүк пайда болду.
Ошол учурда Фалунь Дафа дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнө тарап, Тайванда да көптөгөн практикалоочулар болгон. Бирок Цзяньву өзүнүн шек саноосу жана өзүм билемдигинен улам буга көңүл бурчу эмес. Ал китеп окуу боюнча онлайн клубга мүчө болуп, ошол жактагы досу менен аалам, буддизм жана кийинчерээк Фалунь Дафа тууралуу маектешип турган. «Ар кимибиз негизги Китепти — Фалунь Дафанын негизги окуусун — өзүнчө окучубуз», — деп эскерет Цзяньву. «Кээ бир жерлерди түшүнбөй калчумун, бирок окууну уланткан сайын түшүнүп баштадым».
Мисалы, бир жолу Цзяньву Фалунь Дафага ылайык практика кылгандан кийин тагдырды алдын ала айтуучу болсомбу деп ойлогон. Кийин ал суроосуна жоопту Китептин башка бөлүгүнөн тапкан. Ал Китепте Мугалим Ли (Фалунь Дафанын негиздөөчүсү) жазган сөздөрү өтө терең экенин түшүнүп, айрым бөлүктөрүн эстеп калгысы келди. Ошондо ал жаккан сүйлөмдөрдү калем менен белгилейин деген ойго келген, бирок Китеп абдан таза болгондуктан, ал андай кылбоо керек деп ойлогон. Эки күн өткөндөн кийин ал Китептен мындай саптарды окуган:
«Айрымдардын түшүнүү жөндөмү эч жакшырбайт. Алар менин китебиме өз билгендеринче белгилерди коюшат. Асыл көзү ачылган адамдар бул китеп ар түркүн нурларды чачып, алтын түстүү жаркырап турганын көрүшөт. Ар бир иероглиф — бул менин Закон Денеси. Эгерде мен чындыкты айтпасам, анда силерди алдап жаткан болом. Сенин чиймелеп булгаган жериң- карарып турат. Сен кантип андай кылууга батындың?» (Китеп, тогузунчу лекция).
Цзяньву мындай дейт: «Бул Китептен мен жашоомдо пайда болгон көп суроолорго жооп таптым. Бул менин жан дүйнөмдүн тереңинде бош турган көптөгөн боштуктар толуп калгандай болду, жана бул мени жемиштүү жашоого алып келди». Ошентип ал Фалунь Дафа менен практика кылып баштаган.

Өзүн тарбиялай баштагандан кийин Цзяньву мурда акча жана атак-даңк үчүн гана аракет кылганын түшүндү. Ал ийгиликке жетүү үчүн катуу эмгектениш керек деп ойлочү. Бирок каалаганына жетпей калганда, тагдыр ага карата адилетсиз деп нааразы боло баштаган. Ушунун айынан анын жашоосу оор жана ойдогудай болбой, бара-бара жол да улам тарыгандай сезилген.
Ал түшүндү: адамдар материалдык нерселерди кууп жетүүгө аракет кылуунун ордуна, жогорку руханий деңгээлге умтулуп, чыныгы жакшы адам болушу керек. «Мурдагыдай дайыма нааразы болуу адатым жоголду. Эми мен түшүндүм — башкаларга таарынып жүрө берүүгө эч себеп жок. Ар бир нерсенин себеп-натыйжасы бар, биздин жашообузда болгон бардык окуялардын себеби болот. Менин башыма келген кыйынчылыктар — менин кармамдан улам болгон», — дейт ал.
Цзяньвунун эски достору анын канчалык жакшы жагына өзгөргөнүнө таң калышты. Ал мээримдүү, сабырдуу жана башкалардын сөзүн кунт коюп уга билген адамга айланды. «Азыр мен Фалунь Дафа менен өзүмдү тарбиялап жатам. Кандайдыр бир тоскоолдуктар болсо да, аларга тынчтык менен карайм жана аларды сыноо катары кабыл алам. Мурда болсо кыйынчылыкка кабылганда дароо эле ачууланчу элем», — дейт Цзяньву.
«Чындык, Боорукердик, Сабырдуулук» принциптерин жумушта колдонуу
Цзяньву Фалунь Дафа менен өзүн тарбиялай баштагандан кийин, жумуштагы кыйынчылыктар күтүлбөгөн жерден жоголду. Мурун жумуш издеп, ар кандай жолдор менен аракет кылса, эми иш табууга мүмкүнчүлүктөр өзүнөн-өзү пайда боло баштады.
Азыр Цзяньву галереялар ассоциациясында медиа байланыш жана маркетинг боюнча менеджер болуп иштейт. Ал жумушунда Фалунь Дафанын «Чындык, Боорукердик, Сабырдуулук» принциптерин колдонуп келет. Кандайдыр бир күтүлбөгөн көйгөйлөр пайда болгондо, аларды тынчтык менен чечет. «Бул мен башкалар туура эмес деп ойлогондуктан чыдап турам дегенден эмес. Мен чындап эле алардын атайын ката кылбаганын түшүнөм. Практика баштагандан кийин жүрөгүм кеңейди жана көп нерсеге болгон түшүнүгүм өзгөрдү. Мурдагы түшүнүктөрүм боюнча бул адам же бул нерсе жаман деп ойломокмун, бирок азыр андай ойлор болбой калды», — дейт Цзяньву.
Цзяньвунун мүнөзү жакшырып жаткан сайын, ал иштин маңызын тереңирээк түшүнүп, маанилүү учурларды байкай билүү жөндөмүнө ээ болуп келет. Ал кошумча жумуштарды да алып, жоопкерчиликти аркалай алат. Анын иштөө натыйжалуулугу жогорулап, карьерасы туруктуу боло баштады.
«Биз боорукер болуп, адамдар менен жакшы тил табышканга үйрөнгөнүбүз үчүн, көптөр биз менен иштегиси келет. Өзүбүздү тарбиялоо аркылуу биз нерселердин маңызын түшүнө алабыз жана эң жакшы натыйжага жетүү үчүн эмнени жасаш керек экенин билебиз. Ошондуктан биз жумушту мыкты аткара алабыз, — деп улантат Цзяньву. — Канчалык жакшы адам болсом, жашоом ошончолук туруктуу болуп, жумуштагы милдеттеримди да жакшы аткарам. Бул — мурунку тынчы жок жашоомдо элестете албаган нерсе болчу».
Көркөм эстетикага болгон көз караштын өзгөрүшү
Цзяньву көркөм эстетикага болгон көз карашы да өзгөргөнүн белгилейт. Эми ал кооздукту жана искусствонун сулуулугун терең баалайт. «Мен искусство тармагында иштеп жүрүп, көптөгөн заманбап чыгармалар жашоонун оор жактарын гана көрсөтөрүн байкадым. Ал эми Фалунь Дафа менен өзүмдү тарбиялагандан кийин, искусство адамдарга сулуулук менен жакшылыкты тартуулашы керек экенин түшүндүм», — дейт ал.
Цзяньву адамдардын жашоосу татаал болгондуктан, өздөрүн ойлонууга жана ички жактан жакшырууга умтулушу керек деп эсептейт. «Мен искусство тарыхын окуганда, муундан-муунга өтүп келген сүрөтчүлөрдүн шедеврлери — ыйык сулуулукту же адамзаттын асыл сапаттарын чагылдырып турганын көрдүм», — деп түшүндүрөт ал.
Цзяньву ошондой эле табият дүйнөсүндө да зор сулуулук бар экенин сезген. «Асмандагы жана жердеги нерселер Жаратуучу тарабынан жаратылган. Мындай сулуулук кайда караба, бар. Эч нерсени сурап кереги жок — жөн гана жамгырдан кийин асманга карасаң жетиштүү».
Ал Фалунь Дафа менен өзүн тарбиялай баштагандан мурун жана кийин дүйнөгө болгон көз карашы таптакыр өзгөргөнүн байкады. «Мурда жамгыр жаап жатса, мен кыжырданып, “о, кайрадан жамгыр, аба ырайы да начар” деп ойлочумун. Эми болсо, практика жасап калган соң, жамгырдан кийинки абанын канчалык таза экенин сезем, — деп түшүндүрөт Цзяньву. — Өзүмдү тарбиялаган соң, дүйнөгө болгон кабылдоом өзгөрдү, жашоом да жакшы жакка бурулду.
Өзүн тарбиялоо денени жана аң-сезимди эң жакшы абалга келтирүүгө жардам берет. Ошондо адам жашоого позитивдүү карай алат. Эгер кимдир бирөө практика кылгысы келбесе, аны эч ким мажбурлай албайт. Бирок эгер чын дили менен өзүн тарбиялап өнүктүрсө, дүйнөдө ага тең келчү эч нерсе жок жемиштерге жетет».
Фалунь Дафа деген эмне?
Фалунь Дафа (же Фалуньгун) практикасы коомчулукка 1992-жылы Чанчунда Ли Хунчжи мугалим тарабынан киргизилген. Азыр Фалунь Дафа дүйнө жүзү боюнча 100дөн ашык өлкөдө жана аймактарда таркап аны менен ийгиликтүү машыгышат. Чындык-Боорукердик-Сабырдуулук принциптерине негизделген жана беш медитация көнүгүүлөрүн камтыган бул руханий практиканын миллиондогон жолдоочулары ден соолугун жана мүнөзүн жакшыртышты.
Кытайдын компартиясынын (ККПнын) мурдагы жетекчиси Цзян Цзэминь бул руханий практиканын популярдуулугунун өсүп баратканына тынчсызданып, аны ККПнын атеисттик идеологиясына коркунуч катары көрүп, 1999-жылдын 20-июлунда Фалуньгунду куугунтуктоо боюнча буйрук чыгарган.
Minghui.org веб-сайты 25 жылдык куугунтуктун натыйжасында өмүрүнөн ажыраган бир нече миң Фалуньгун практиктеринин өлүмүн тастыктады. Өлгөндөрдүн иш жүзүндөгү саны бул көрсөткүчтөрдөн алда канча көп деп болжолдонууда. Фалунь Дафанын практиктери дагы мыйзамсыз түрдө камалып, ишеними үчүн кыйноого алынган.
Трансплантациялоо үчүн органдарды алуу үчүн өлтүрүлгөн камактагы Фалуньгун практиктеринин органдарын мажбурлап алуу боюнча ККПнын кылмыштарынын конкреттүү далилдери бар.
Цзяндын жеке жетекчилиги астында ККП «Офис 610» түздү, анын ыйгарым укуктары полиция менен сот бийлигинен ашкан мыйзамдан тышкаркы коопсуздук агенттиги. «Офис 610» жалгыз милдети Фалуньгунду куугунтуктоо.
Источник: en.minghui.org