ККП адамдардын ой жүгүртүүсүн кантип системалуу түрдө көзөмөлдөйт жана бул эмне үчүн маанилүү экенин билүү керек

Ой жүгүртүү эркиндиги адамдын негизги укуктарынын жана эркиндиктеринин бирине кирет. Ар бир адам сырткы кийлигишүүсүз, басымcыз же коркутуусуз өз ойлорун айтууга, ишенүүгө, ой жүгүртүүгө жана жеке ишенимдерин карманууга укуктуу. Билим алуу жана өз алдынча анализ кылуу аркылуу адам дүйнөнү таанып-билип, өркүндөп, салттуу баалуулуктарга таянып, руханий жактан өсө алат.

 

Тилекке каршы, Кытай компартиясы (ККП) ой жүгүртүү эркиндигине жол бербейт. Өкүмдүгүн сактап калууга умтулуп, ал адамдардын аң-сезимин көзөмөлдөөчү татаал системаны түзүп чыккан. Ондогон жылдар бою бул режим коммунисттик идеологияны сиңирүүгө аракет кылып келген. Ал үчүн билим берүү системасын, маалымат каражаттарын, цензураны, тоталдык аңдуу механизмдерин жана салттуу маданиятты жок кылууну колдонуп келет.

 

 

Билим берүү аркылуу мээни чайкоо

 

ККП аң-сезимди системалуу көзөмөлдөөнү билим берүү системасынан баштайт — бала бакчадан тартып жогорку окуу жайларына чейин. Башталгыч класстан тартып эле балдар милдеттүү сабактар катары «Идеология жана адеп» жана «Саясат» деген сабактарды окушат. Бул сабактардын окуу китептеринде ККПнын жетекчилиги даңазаланып, коммунизм менен социализм идеологиясы жогору бааланып, анын мааниси үзгүлтүксүз баса белгиленет. Мындай окуу материалдар партияга берилгендикти саясий норма катары окутуп, балдардын аң-сезимин ошого ылайык калыптандырат.

 

Муну ишке ашыруу үчүн ККП тарыхтагы негизги окуяларды бурмалап, кайра жазган. Маселен, башталгыч класстын китептерине Тяньаньмэнь аянтындагы «өзүн өрттөө» көрүнүшү жөнүндөгү жасалма материал киргизилген. Бул — Фалуньгунду каралоо жана окуучулардын аң-сезиминде бул руханий практикага карата жек көрүү сезимин пайда кылуу максатында жасалган. Мындай окуу китептери экзаменге даярдык үчүн гана эмес, моралдык баалоо чеги катары да колдонулгандыктан, окуучуларга өз алдынча ойлонууга тыюу салынат.

 

Маалымат каражаттарындагы монополия

 

Кытайдагы бардык маалымат каражаттары түздөн-түз ККПна таандык, же анын толук көзөмөлүндө турат. Бул режимге жаңылыктар, көңүл ачуучу программалар жана онлайн платформалар аркылуу өз пропагандасын кеңири таратууга шарт түзөт. Бул көзөмөл чет элдик маалымат булактарына коюлган катуу цензура жана тоскоолдуктар менен айкалышып, ККПга коомдук пикирди бурмалап, башкача ой жүгүртүүнү басууга мүмкүндүк берет.

 

Мисалы, 2020-жылдын башында Уханда ковид пандемиясы башталганда, өкмөт жана маалымат каражаттары бул тууралуу элге билдирбей жашырып келген. Бул тууралуу коомго айтып чыккан дарыгер полиция жана жумуш берүүчү тарабынан жазаланган. Бирок социалдык тармактарда бул ырайымсыз мамилеге каршы нааразычылык чыкканда, ККП позициясын тез өзгөртүп, дарыгерди «каарман» катары көрсөтүп, ошол эле учурда партиялык жетекчиликти «катуу чаралар көргөндүгү» үчүн мактай баштаган.

 

Ошол эле маалда ККПсы көз карандысыз иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тыюу салган. Медиа платформаларда пандемияга каршы «ийгиликтүү аракеттер» тууралуу токтобой маалыматтар жарыяланып, медициналык жабдуулардын тартыштыгы, өлүм учурлары, жугузуп алуу фактылары жана катуу карантин чараларынын кесепеттери жөнүндө дээрлик эч нерсе айтылган эмес.

 

Медиа каражаттарына болгон мындай монополия жарандарды ККПнын расмий билдирүүсүнө карама-каршы келген чыныгы маалыматтан ажыратты.

 

Онлайн-цензура

 

ККП интернетти көзөмөлдөө үчүн кеңири масштабдагы система түзүп, реалдуу убакытта маанилүү маалыматтарды өчүрүп, аны жарыялагандарды жоопко тартууда.

 

Мисалы, 1999-жылдан бери Фалуньгунга каршы куугунтук башталгандан тартып, «Фалуньгун» жана «Чындык, Боорукердик, Сабырдуулук» сыяктуу сөздөр Кытайда «сезимтал» деп таанылып, катаал цензурага дуушар болгон. Бул темалар боюнча медиада чыккан материалдар толугу менен режимдин каралоочу пропагандасынан турат, анын ичинде жогоруда айтылган өзүн-өзү өрттөө инсценировкасы да бар.

 

Кытайдагы көпчүлүк жарандар чыныгы маалыматка жетише албагандыктан, алар ККПнын билдирүүлөрүнө ишенип, ал учурда ККП мишен катары тандаган топторго каршы чыгууга аргасыз болушат.

 

Тыкыр көзөмөл

 

ККП заманбап технологияларды массалык аңдууда активдүү колдонот. Камералардын бардык жерге орнотулушу жана мобилдик телефондорду көзөмөлдөө аркылуу режим уйгурлар жана башка куугунтукка алынган топтордун ишенимдери менен жүрүм-турумун толук көзөмөлгө алган.

 

Элдин бири-бирине каралоо жазуусун өрчүтүп жана бет таануу технологиялары менен идеологиялык башкача ойлонуу тыкыр көзөмөлдөнүп, коомдо коркуу сезими жайылып, ар кандай макул болбостук басынтылып келет.

 

Салттуу маданиятты жок кылуу

 

Көптөгөн саясий кыймылдар аркылуу, өзгөчө «Маданий революция» учурунда, ККП диндерди жок кылып, Кытайдагы көптөгөн ишеним системаларын кыйратты. Алардын ордуна атеисттик идеология киргизилген.

 

Кытай маданиятында ар дайым адептүүлүк жана Кудайга ишенүү абдан бааланган. Бул салттар коомдун моралдык пайдубалы болуп, адамдарды жогорку күчтөр менен байланыштырган. Бирок салттуу маданиятты талкалоо менен ККП бул байланышты үзүп, келечек муунду кайрымдуулук, адилеттүүлүк, уяттуулук жана ишеним сыяктуу негизги баалуулуктардан ажыраткан.

 

Ушул эле маалда улуу муундар өткөн саясий кампаниялардын жана репрессиялардын катаалдыгынан коркуп, айрымдары салттуу баалуулуктардан баш тартууга же өзүн коргоо максатында унчукпоого мажбур болушкан.

 

Оор кесепеттер

 

КПКнын идеологиялык көзөмөлү адамдардын өз алдынча ойлонуу жөндөмүн чектеп, коомдо кеңири тараган өздүкцензурага менен идеологиялык катып калууга алып келди. Көпчүлүк адамдар өз абийирине каршы болсо да, расмий пропаганданы колдоого мажбур болушууда.

 

Эгерде ойлор адамдын маңызы болсо, анда аң-сезими ККП тарабынан башкарылган адамдар тоталитардык режимдин куурчактарына айланып калышат. Мындан да коркунучтуусу — партиянын багытын кармангандар өздөрү гана эмес, башкаларды да басууга көмөктөшөт. Мисалы, «Маданий революция» маалында күйөөлөр аялдарын, аталар балдарын саткан учурлар болгон.

 

Мындан тышкары, аң-сезими ККП тарабынан көзөмөлдөнгөн адамдар салттуу баалуулуктарга, мисалы, Фалунь Дафанын «Чындык, Боорукердик, Сабырдуулук» принциптерине каршы чыгышат. Бул — эмнеге көп адамдар Фалуньгун практикалоочуларына жек көрүү менен мамиле кылышынын себебин түшүндүрөт

 

Баардык көп мисалдар ККП идеологиясынын адамдарды өз алдынча ойлонуу жөндөмүнөн жана тубаса жакшы жаратылышынан ажыратып жатканын көрсөтөт. ККПсын жана анын таасирин четке какмайынча, адамдар салттуу баалуулуктарга кайтып, жакшылыкты баалап, Кудай менен байланышын калыбына келтире алышпайт.

 

Фалунь Дафа деген эмне? 

 

Фалунь Дафа (же Фалуньгун) практикасы коомчулукка 1992-жылы Чанчунда Ли Хунчжи мугалим тарабынан киргизилген. Азыр Фалунь Дафа дүйнө жүзү боюнча 100дөн ашык өлкөдө жана аймактарда таркап аны менен ийгиликтүү машыгышат. Чындык-Боорукердик-Сабырдуулук принциптерине негизделген жана беш медитация көнүгүүлөрүн камтыган бул руханий практиканын миллиондогон жолдоочулары ден соолугун жана мүнөзүн жакшыртышты. 

 

Кытайдын компартиясынын (ККПнын) мурдагы жетекчиси Цзян Цзэминь бул руханий практиканын популярдуулугунун өсүп баратканына тынчсызданып, аны ККПнын атеисттик идеологиясына коркунуч катары көрүп, 1999-жылдын 20-июлунда Фалуньгунду куугунтуктоо боюнча буйрук чыгарган. 

 

Minghui.org веб-сайты 25 жылдык куугунтуктун натыйжасында өмүрүнөн ажыраган бир нече миң Фалуньгун практиктеринин өлүмүн тастыктады. Өлгөндөрдүн иш жүзүндөгү саны бул көрсөткүчтөрдөн алда канча көп деп болжолдонууда. Фалунь Дафанын практиктери дагы мыйзамсыз түрдө камалып, ишеними үчүн кыйноого алынган. 

 

Трансплантациялоо үчүн органдарды алуу үчүн өлтүрүлгөн камактагы Фалуньгун практиктеринин органдарын мажбурлап алуу боюнча ККПнын кылмыштарынын конкреттүү далилдери бар. 

 

Цзяндын жеке жетекчилиги астында ККП «Офис 610» түздү, анын ыйгарым укуктары полиция менен сот бийлигинен ашкан мыйзамдан тышкаркы коопсуздук агенттиги.«Офис 610» жалгыз милдети Фалуньгунду куугунтуктоо. 

Популярдуу

pic
pic
pic
pic
pic