Аман калуу жана сынып калбоо

Жыйырма эки  жыл мурун кытай бийликтери  медитация практикасы Фалуньгунга каршы  жалпы улуттук куугунтук учурунда Женнифер Цзэнди камакка алган.

 

Женнифер Цзендин караңгыда жарык табуу жөнүндөгү окуясы. (magnifissance.com)

 

Мажбурланган эмгек лагеринен бошонгондон кийин ал Кытайдан качып кетүүгө үлгүрүп, башынан өткөн окуялары тууралуу «Тарыхтын күбөсү: бир аялдын эркиндик жана Фалуньгун үчүн күрөшү» деген китебин чыгарган. Анда Кытайдын коммунисттик партиясынын көзөмөлүндөгү эмгек лагерине анын камакка алынышы, кыйноодо болушу жана «кайра тарбияланышы» тууралуу чыныгы окуя баяндалат.

«Үңкүрдө күн да, ай да жок, ал эми эмгек лагеринде телевизор да, гезит да, календарь да, саат да жок. Биздин күндөр, чындыгында биздин бүткүл өмүрүбүз №23 буйрукту окуу менен өттү, (бейкүнөө адамдардын камакта болушунда, ККПнын токтому өздөрүн актоо боюнча колдонулган).

Үч күн чөгөлөп отургандан кийин камалгандардын буттары, колдору, денелери шишип кетчү. Бутубуз бууланган чоң булочкаларга окшошуп калчу, бут кийимибизди кие албай калчубуз.

Биз ошол жерде сегиз күн турдук, андан кийин бизге кичинекей бүктөлүүчү отургучтарды беришти. Бирок биздин отуруу укугубузду каалаган убакта кандайдыр бир себеп менен алып коюшу мүмкүн эле: чечим офицерлер Вольф менен Бейдин каалоосу боюнча кабыл алынчу. Ал эми Nо 23-буйруктун жарыясы эч качан жокко чыгарылган эмес.

Акырындык менен биз убакыт сезимин жоготуп койдук, күн сайын эртең менен тургандан баштап түндүн келишин күтчүбүз»,  деп жазат Женнифер өзүнүн китебинде.

Камоонун себеби

 

Цзэндин 22 жыл мурун жасаган жалгыз кылмышы Фалуньгундун медитациясын жана көнүгүүлөрүн, чындык, боорукердик жана сабырдуулук принциптерине негизделген руханий практика болгон.

 

Жай Фалуньгун көнүгүүлөрү бир кезде Кытайдын ар бир шаар паркында кадимки көрүнүш болгон. Түндүк Америкада йога популярдуу боло баштаганда, ар кандай цигун ыкмалары Кытайда кеңири жайылган. 1990-жылдардын аягында Фалуньгун алардын ичиндеги эң популярдуусу болуп калган.

 

Цзэн Фалуньгун парктарда эч кандай акы же уюштуруу структурасы жок эркин практикаланганын жазат.  Үйрөнүү сабактары  күнүмдүк медитация менен салттуу кытай акылмандыгын айкалыштырган. Практиканын философиясы буддизмге негизделип, боорукердик жана сабырдуулук принциптерине басым жасайт. Бул ыкма менен коомдун бардык катмарындагы адамдар алектенишкен жана 1998-жылга карата өлкөдө 70 миллиондон ашык Фалуньгундун жактоочулары болгон.

 

Цзэн алардын бири болгон. Ошол кезде анын өзү жөнүндө тарыхы бар болчу:

«Мен Пекин университетинин бүтүрүүчүсү болчумун. Мен аял жана эне болчумун. Ал тургай мен Кытайдын коммунисттик партиясынын мучесу болгом».

Ошондон бери ал партиядан чыгып кеткен.

 

Чынында, 1990-жылдары Кытай бийлиги Фалуньгунду колдогон. Мамлекеттик органдарда Фалуньгундун практикасы боюнча өз топтору болгон жана доктринанын негиздөөчүсү Ли Хунчжи партиялык кызматкерлердин чакыруусу боюнча лекцияларды окуган. Фалуньгун менен машыгууда жана ошол эле учурда Кытайдын компартиясынын мүчөсү болуу көйгөйү болгон эмес.

 

Репрессиянын башталышы

 

1999-жылы Кытайдын компартиясы күтүүсүздөн Фалуньгунду мыйзамсыз деп жарыялаган. Цзэн, он миллиондогон башка адамдар сыяктуу эле, күтүлбөгөн жерден жашыруун жашоодо жашап жатканын байкады.

 

Адегенде бул практиканын жолдоочулары камакка алууну түшүнбөстүк деп эсептешкен. Бийлик менен сүйлөшүп,  саясий умтулуусу жок экенин түшүндүргөндөн кийин баары өзгөрөт деп ойлошкон.

 

Фалуньгундун жактоочулары компартиянын лидери Цзян Цземинь Фалуньгунду «тарыхтан тазалоону» чечкенин түшүнүшкөн эмес. Эч кандай түшүнбөстүк болгон жок. Өлкө жетекчилери Фалуньгун жакшы практика экенин билишкен, бирок анын популярдуулугу аларды тынчсыздандырган. Андан да жаманы, бийликтегилер чындык жана боорукердик принциптеринин компартиянын саясатына, анын калкка көздөлгөн идеологиялык таасирине туура келбестигин түшүнүштү.

 

2000-жылдын 13-апрелинде Фалуньгундун жолдоочуларын куугунтуктоо үчүн түзүлгөн «610 кеңсесинин»  жашыруун полициясы Цзэнди камакка алган. Кыз Кытайдын лаогай деген ат менен белгилүү болгон коркунучтуу мажбурлоо эмгек лагерлериндеги миллиондогон башка жолдоочуларга кошулууга аргасыз болгон.

 

1999-жылы Кытайдын компартиясы Фалуньгун медитациясын колдонууга тыюу салган, бирок Женнифер Цзэн өжөрлүк менен өзүнүн ишенимин карманып, кытайлык эмгек лагеринде камалып, кыйноого алынган (Photography by Binggan Zhang)

 

Кыйноо

 

Цзэн тарткан кыйноолор электр тогу, токмоктоо жана психологиялык кыйноолорду камтыган. Эмгек лагеринде бардыгы туткундун адамгерчилигин жок кылууга багытталган. Бирок бул караңгы жерде да Цзэн дүйнөдөгү боорукердикти көрдү.

 

Лагердеги дагы бир практик менен бир нече мүнөт сүйлөшө алган сейрек учурлар ага «чөлдөгү таттуу булак суусун» эске салды.

 

Цзэндин айтымында, адамдын психикасын бузуунун ачкычы — аны коом менен болгон байланышынан ажыратуу болуп саналат. Өзү менен жалгыз калган адамдар жашоодогу максатын жоготуп, ким экенин унутуп калышат. Күзөтчүлөр камактагылардын мындай изоляция жана куураган абалын, аларды «кайра тарбиялоо» жана «ылайыкташтыруу» үчүн пайдаланууга үмүттөнүшкөн.

 

Күн сайын машыгуучуларды практикадан баш тартуу үчүн арыздарга кол коюуга кысым көрсөтүлдү. Аларга кыйноолор токтойт, эгер алар ишениминен баш тартса бошотула тургандыктарын айтышкан. Албетте, бул жөн эле айла болчу. Баш тартууга кол койгондорду башка туткундарды кыйноодо күзөтчүлөргө жардам берүү үчүн колдонушкан.

 

Караңгыдагы жарык

 

Фалуньгундун практиктери жүрөктөрүндө жарыкты сактап калуу үчүн Ли Хунчжинин ырларын жана жазгандарын жатташчу. Алар кол менен жазылган үзүндүлөрдүн көчүрмөлөрүн кагаздын айрыктарына катып, камерадан камерага өткөрүшүп, бири-бирине жардам берип турушкан.

 

Цзэн өзүнүн китебинин төмөнкү үзүндүсүндө бул жашыруун жазуулардын күчү жөнүндө айтат.

«Ошол түнү мен уктабайм деп өзүмдүн керебетимде жаткам. Менин керебетим ачык эшиктин карама-каршысында жайгашкан, күзөтчү жана түнкү полиция кызматкерлери жыйырма мүнөттүк айлануу учурунда каалаган убакта кире алышчу. Лагердин башкы күзөтчүлөрү да күзөтчүлөрдү, полицияны жана туткундарды текшерип, мезгил-мезгили менен күзөткө чыгышчу.

Кийимимди керебеттин башына бүктөп уяга окшотуп башымды калкалап, Сун Мэйдин мага жашыруун берген кагаздарды алып чыгам. Кагаздар бырышкан, жыртылган, көптөрдүн колунда болгону көрүнүп турат. Барактардын эки тарабы майда тамгалар шариктүү калем менен жазылган. Аталышы жок, аяк жагын түшүнө албадым. Караңгыда эптеп окуй баштадым:

«Силердин Дафа шакирттери катары азыркы жетишкендиктериңер эң сонун. Мунун баары силердин айкын боорукердигиңер, жана бул караөзгөйлөр үчүн өтө корко турган нерсе, анткени, жакшылыкка кол салгандар жамандыкка дуушар болушат. Алардын азыр Дафаны жана анын шакирттерин куугунтуктоо үчүн жасап жаткан иш-аракеттери өтө жаман жана уяттуу, жана алар ачыкка чыгып калат деп коркушат. Силер алардын жамандыктарын дүйнө элдерине билдиришиңер керек…»

Ошол бырышкан кагазда Ли Хунчжи жазган жаңы макала бар экен. Цзэн өзүнүн Мугалиминен макала окубаганына бир жылдан ашып кетиптир. Ал башка камактагыларга таратуу үчүн уурдалган кагаздын айрыктарына дагы бир нече көчүрмөсүн жазган. Цзэн өзүнө өзү, лагерде эмне болуп жатканын дүйнөгө айтып берем деп убада берди.

 

Женнифер Цзэн (magnifissance.com)

 

Баа жеткис байланыштар

 «Лагердеги менин эң баалуу учурум лагерге барардан мурун тааныган практик кесиптешим менен убакыт өткөрүү учуру болду»,– дейт Женнифер Цзэн. «Аны эркектер лагеринде абдан катуу кыйнашкан. Аны 12 күн, түн катары менен уктатпай коюшкан. Бул ошол кездеги лагердин рекорду болчу. Аны башын айландыра албагандан кийин, полиция аны жана башка бир нече эркек-практиктерди бактысын сынап көрүү үчүн аялдар лагерине жөнөтүшкөн».

 

Ал кандайдыр бир жол менен күзөтчүлөрдү Женнифер Цзэн менен жалгыз көрүшүугө көндүрдү. Бул байланыш эки оор абактагыларга таасир этүүгө мүмкүндүк берет деп үмүттөнүшүп, күзөтчүлөр аларга бир аз убакытка чейин сүйлөшүүгө уруксат беришти.

 

Алар бири-бирине башынан өткөргөндөрүн, келечекке болгон үмүттөрүн айтып беришти. Алар Фалуньгундун принциптерин талкуулашты жана ал ага «сен ишенишиң керек» деди. Ошондо ал чындыкка, боорукердикке жана сабырдуулукка болгон ишенимин бекем карманса, ал аман кала аларын түшүндү, анткени Фалуньгун ага дагы жакшы адам болууга жардам берген.

 

«Ошол учурда мен ушунчалык жылуулукту жана ушунчалык күчтү сездим. Ошондо мен Кытайдан качып, китеп жазууну чечтим, бирок бул ниетимди жүрөгүмдүн түпкүрүнө катып койдум, бул тууралуу эч ким менен сүйлөшүүгө батынбай койдум», – дейт ал.

 

Цзэн бул ниетин көкүрөгүндөгү кичинекей жашыруун от, суукта жарык жана жылуулуктун булагы катары сактады. Бул аны колдоп, үмүт берген.

 

Женнифер Цзэн азыр эркин.

 

Кытайдын зындандарынан аман калган Цзэн азыр дүйнө жүзү боюнча диний жана саясий эркиндикти жактайт (magnifissance.com)

 

Боорукердик

 «Кээде каардуу полиция башка туткундарга бизди кыйноого буйрук бергенде, алар анын ордуна бизди коргошчу», – дейт Жженнифер Цзэн.

 

Күзөтчүлөр лагердин калкынын басымдуу бөлүгүн түзгөн сойкулар жана наркомандар практиктер аркылуу кантип жакшы адам болушарын түшүнүшкөн жок. Фалуньгундун жолдоочулары тамак-ашын алар менен бөлүшүп турушкан, тамак аз болсо да. Аларды куугунтуктаган адамдарга да боорукердик көрсөтүшкөн. Алар Фалуньгун көнүгүүлөрүн башкаларга үйрөтүп, өздөрүндө эркиндикке чыгаарына үмүтү жок болсо да, жарды жандардын дүйнөсүнө үмүт беришкен.

«Бир жолу күзөтчүлөр мени түнү бою кыйнап, уктатпай коюшту. Эртеси алар практик эмес бир кишиден мени карап, мени утатпай улам ойготуп  турууну суранышты. Бирок ал Фалуньгунду менден тымызын үйрөнгөн, атүгүл анда Ли Мугалимдин айрым макалалары да бар болчу. Ал мени уктасын деп тобокелге салып, камеранын эшигин кайтарып, полицияны карап турчу. Бул боорукердик жана оорчулукту мени менен тең бөлүшүу, мага ааламдын табиятын көрсөтүп, эмгек лагеринин караңгылыгында жүрөгүмдү жылытты».

 

Башка камактагылардын бул кичинекей боорукерликтери болбосо, же алар менен бирге тыюу салынган ыр саптарын окуган жашыруун түндөр болбосо, анда ал аман калмак эмес. Бул жерде адашып калууга канчалык аз калганын эстеп, көп ыйлайт.

 

Бирок ал чыгып кетти. 2001-жылы Женнифер Цзэн Австралияга, андан кийин АКШга качкан. Анын эркиндикке карай жолу кереметтер менен коштолду. Биринчи керемет — лагерде аман калуу, экинчиси – абийирди таза сактоо. Ага паспорт берилгени да укмуштай көрүнүш. Эмгек лагеринин мурдагы туткундарына мындай мүмкүнчүлүк сейрек берилет. Беш айдын ичинде ал Австралияга барууга уруксат алууга жетишти, ал жерден дароо башпаанек издеп, китеби үчүн басмакананы тапты.

 

Эркиндик үчүн күрөш

 

Денедеги жарааттар акырындык менен айыккан сайын, Цзэн күн сайын жазуу жана  башкалардын боштондугу жактоо менен өткөрдү. Психологиялык жактан калыбына келүү кыйыныраак болду. Бирок, ал депрессияга багынбай, караңгы эскерүүлөрүн Кытайдагы адам укуктарынын бузулушун ашкерелөө ишине өзүн арнады.

 

Женнифер Цзэн өзүнүн эркиндигин баалап, Фалуньгун менен машыгууну бүгүн да улантууда, муну эркин коомдо чоңойгон бактылуу адамдарга түшүнүү кыйын.

 

Ал дагы деле мурункудай кыйналып жаткандарга жардам берет. Анын бүгүнкү күндөгү милдети Батышка коммунизмдин табияты жана анын дүйнөгө коркунучу жөнүндө билим берүү. АКШда жашап, ал бул коркунучтардан эркинмин деп ойлогон. Бирок Батышта социалисттик ойдун жана башка маданий кубулуштардын барган сайын популярдуулугу, анын айтымында, коммунисттик коомду эске салат. Ал Кытайдын компартиясы менен АКШнын расмий өкүлдөрүнүн ортосундагы байланышты талкуулаган видеону социалдык тармактарга жарыялагандан кийин цензурага кабылган.

 

Цзэндин куугунтукталган окуясы – бул жөн эле көп убакыт мурун жана алыскы окуянын трагедиялуу окуясы эмес. Анын окуясы – ишенимдин, эрктин жана эркиндиктин баалуулугу боюнча сабак. Анда адамдык табияттын чеги, адамдардын жакшылык менен жамандыкка карата көзкараштары жана аракеттери чагылдырылган.

 

Женнифер Цзэндин түшүнүгү боюнча эркиндик – бул жакшылыктын касиеттерин өзүбүзгө камтый алуу жөндөмү деп ырастайт, анткени биз ушундай жаралганбыз – биз чындыгында ушундайбыз.

«Бул дүйнөдө эң негизгиси – Жараткан сага берген жашоодо, эмне кылуу керек экенин түшүнүү», – дейт ал.

Булак: The Epoch Times

 

Популярдуу

pic
pic
pic
pic
pic

Тиешелүү материалдар:

Ищем похожие...