Улуу Британия. Лондондо Дүйнөлүк Фалунь Дафа күнүн белгилөөгө арналган салтанаттуу эң зор парад жана иш-чаралар
Фалунь Дафа практикалоочулары 2025-жылдын 10-майында Лондондун борборунда 13-майда белгиленүүчү Дүйнөлүк Фалунь Дафа Күнүнүн 26-жылдыгына карата салтанаттуу парад жана жыйын өткөрүштү. Бул күн ошондой эле Фалунь Дафа коомдукка таанытылгандыгынын 33 жылдыгы жана руханий практиканын негиздөөчүсү Устат Ли Хунчжинин Туулган күнү болуп эсептелет.

Бул күнү күн ачык жана жаркырап турду. Мындай сейрек кездешүүчү жакшы аба ырайы практиктердин майрамдык иш-чараларына кошумча кубаныч тартуулады. Парадга барабанчылар, асман перилери, «Бийлеген ажыдаар» тобу жана көнүгүүлөрдү көрсөтүүчү топ катышты. Кытай элчилигинен башталган кооз колонна Лондондун эң эл көп жүрчү соода райондору — Риджент көчөсү, Оксфорд-серкус, Пикадилли аянты жана Кытай кварталы аркылуу өттү. Түркүн түстөгү плакаттар жана барабандардын үнү кубанычтуу жана ошол эле учурда тынч атмосфера түздү. Көптөгөн жөө жүргүнчүлөр токтоп, бул көркөм көрүнүштү суктанып көрүп, сүрөткө тартышты.








Парад Трафальгар аянтынын түндүк тарабында аяктап, ал жерде маалымат жыйыны жана майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.
Маалымат жыйынында коомдун ар кыл катмарындагы адамдар Фалунь Дафага болгон колдоосун билдиришти.

Фалунь Дафа (Фалуньгун) менен тилектештигин билдирген жана иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүн каалаган каттар бир катар шайланган кызматкерлерден, анын ичинде FORB (диний эркиндик жана ишеним эркиндигин коргоо боюнча парламенттик топ) төрагасы Жим Шеннондон келип түшкөн.
Жыйында Консервативдик партиянын адам укуктары боюнча комиссиясынын төрага орун басары жана белгилүү укук коргоочу Бенедикт Роджерс, ошондой эле Гонконгдон укук коргоочу Стивен Цанг сөз сүйлөштү.

Өз сөзүндө Фалунь Дафа ассоциациясынын өкүлү Кэролайн мындай деди: «Азыр дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө өзгөчө нерсе болууда — адамдар чогулуп, Дүйнөлүк Фалунь Дафа күнүн майрамдап жатышат.
Фалунь Дафа — бул жан менен денени өнүктүрүүчү укмуштуу руханий практика, узак тарыхка ээ. Бул байыркы өркүндөө системасы дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын жашоосун өзгөрттү. Фалунь Дафа практикасынан алган оң таасири үчүн биз ыраазыбыз. Бул бизге кубаныч тартуулайт жана айланадагыларга карата боорукер, башкалар үчүн жашаган жана кең пейил болууга түрткү берет».
Фалунь Дафа практикасы дүйнө жүзүнө мынчалык ийгиликтүү жайылышы анын алып жүргөн баалуулуктарынын аркасында мүмкүн болду. Чындык, Боорукерлик, Сабырдуулук – булар маданий чектөөлөрдөн аша турган принциптер жана ар бир адамга өркүндөөгө жана жакшырганга жардам бере ала турган сапаттар».

Жон Ди өз сөзүндө мындай деди: «Фалунь Дафа жүз миллиондогон адамдарга терең таасир этти. Бул практика адамзатты боорукерликке, жарык жолго жана адилеттүүлүккө түрткү берген маанилүү кыймылдаткыч күчкө айланды. Дафа адамдарды башкаларга боорукер болууга, ар кандай көйгөйлөрдө өзүн ичинен карап, өз кемчилигин табууга үйрөтөт. Башкаларды күнөөлөбөөгө, таарынбоого жана дайыма чындыкты издөөгө үндөйт.
Биз чын дилибизден ишенебиз: мындай баалуу сапаттар келечекте адамзатты өзгөртүүнүн ачкычы боло алат. Ошондой эле биз Устат Ли Хунчжиге ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн – Устат Линин Туулган Күнү, биз чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз!»

Консервативдик партиянын адам укуктары боюнча комиссиясынын төрага орун басары Бенедикт Роджерс өз сөзүндө мындай деди: «Фалуньгунду практикалаган адамдар катары сиздер үч негизги принципти карманасыздар: Чындык, Боорукерлик жана Сабырдуулук. Бул принциптер Фалунь Дафаныкы гана эмес, мен христиан катары да ушул эле баалуулуктарга ишенем. Башка көптөгөн дин туткандар да ошондой ойдо. Бул принциптер жалпы адамзатка тиешелүү универсалдуу баалуулуктар.
Мен күн сайын Кытайдын коммунисттик партиясы тарабынан куугунтукка кабылган Фалуньгун практикалоочуларына терең боорум ооруйт. Бул менин жүрөгүмдү оорутуп, жан дүйнөмө тынчсыздануу алып келет.
Адилеттүүлүк болбосо – туруктуу тынчтык да болбойт. Чыныгы өкүнүү үчүн күнөөнү моюнга алуу керек. Бул – жеке жоопкерчилик дегенди билдирет. Кек сактоо үчүн эмес, адилеттик үчүн.
Бир күн келет — силер бекем карманган принциптер, бүтүндөй адамзат карманышы керек болгон «Чындык, Боорукерлик, Сабырдуулук» — бардыгын жеңип чыгат».

Стивен Цзан учурда башка адамдар менен бирге Гонконгдон тышкары аймакта Гонконг парламентинин түзүлүшү боюнча иш алып барып, дүйнө жүзүндөгү гонконгдук жарандарды колдоого аракет кылууда. Ал мындай деди: «Мен сиздердин ишенимдериңиздин маңызын түшүнөм, сиздердин туруктуулугуңуздарды көрүп турам жана бул — колдоого арзый турган туура ишеним экенин түшүнөм. Сиздер мага бир маанилүү нерсени түшүнүүгө жардам бердиңиздер: динге, улутка же тери түсүнө карабастан, биз бирбиз. Мен ишенем — сиздер жасап жаткан иштер өзүңүздөр үчүн гана эмес, жалпы адамзат үчүн да маанилүү».
«Өркүндөө жолу — бул жашоодогу эң баалуу белек»
Жой Дюгид Фалунь Дафа менен 15 жыл мурун таанышканга чейин уулунун ооруп калгандыгынан улам тынчсыздануу жана коркуу менен жашачу. Бир жолу гезиттен Фалуньгун боюнча акысыз сабактар тууралуу жарыяны көрүп, катышууну чечет. Алгачкы жолу көнүгүү кылган кезде Жой көп жыл бою анын ийиндерин басып турган чыңалуу жоголуп, аң-сезими тынчып калганын сезген. Дафанын Китептерин окуп жатып, ал «Чындык, Боорукерлик, Сабырдуулук» деген терең принциптерге көңүл бурган.
Жой айым мындай деди: «Өзүмдү өркүндөтүү практикам мага башка адамдарды күнөөлөө, өзүңдү кармана албагандык сыяктуу терс сезимдерден арылууга жардам берди. Мен өзүмдүн кайсы жеримди оңдоого тийиш экеним тууралуу ой жүгүртүүнү үйрөндүм жана жан дүйнөмдү тазалоо жолуна түштүм. Эми мен басымга, физикалык оорууга жана үй-бүлөлүк чыңалууга мурдагыдан кыйла сабырдуулук менен туруштук бере алам. Мен Устат Ли Хунчжиге көрсөткөн жол көрсөтүүсү үчүн ыраазымын жана Фалунь Дафаны жашоомдогу эң баалуу белек деп эсептейм».
Коомдук колдоо
Адамдар Кытайда Фалунь Дафага болгон куугунтукту токтотууга чакырган петицияга кол коюшуда
Парад жана майрамдык иш-чаралар учурунда көптөгөн адамдар болуп жаткан көрүнүштү көрүү үчүн токтоп, сүрөткө тартышып, маалымат баракчаларын алышты жана Фалунь Дафага колдоо көрсөтүштү.
Улуу Британиянын улуттук саламаттыкты сактоо системасында иштеген адис Лиз иш-чаранын жалпы түстүү жасалгасы, уюштурулушу жана көрсөтүлүшү көңүлүн бурганын айтты. Ал мындай деди: «Алыстан караганда эле баары абдан таасирдүү көрүнүп турду. Жанга жагымдуу таасир калтырган каныккан түстөр жана кооз жасалгалар».
Пресс-конференция тууралуу ал мындай деди: «Сүйлөгөн адамдар мыкты чыгып, маселени ачык түшүндүрүштү. Алардын айткандарын түшүнүү жеңил болду, баалуу маалыматтарды беришти. Силер эмне кылып жатканыңар жана эмнени көздөп жатканыңар элге түшүнүктүү».
«Чындык, Боорукерлик, Сабырдуулук» — Фалунь Дафанын негизги принциптери экенин билгенде, Лиз мындай деди: «Менимче, силердин машыгуу принциптериңер маанилүү жана күчтүү. Азыркы коомдо адамдар көбүрөөк жакшылык кылышы керек, көбүрөөк убакытты медитацияга арнаш керек, жан дүйнөсүнө тынчтык издөөгө аракет кылышы керек. Бул чынында абдан маанилүү. Мен бүгүн кечинде муну аракет кылып көрөм!»
Сами аттуу жигит да саламаттыкты сактоо системасынан болуп, Фалунь Дафа практикалоочуларынын Чындыкка, Боорукерликке жана Сабырдуулукка болгон ишенимине, ошондой эле куугунтукка каршы тынч каршылык көрсөтүүдөгү кайраттуулуктарына суктанды. Ал мындай каршылык маанилүү жана зарыл экенин белгиледи.
Ал өзү авторитардык башкаруу өкүм сүргөн Ирандан келгенин, ошондуктан мындай шартта жашаган адамдар кандай стресске туш болорун жакшы түшүнөрүн айтты. Ал мындай деди: «Мындай өкмөттүн алдында баш ийбешибиз керек. Адилеттүүлүктү коргоого даяр болгон силер сыяктуулар гана өзгөрүүлөрдү алып келе алышат. Эгерде адамдар аракет кылууга, күрөшүүгө даяр болсо, өзгөрүү мүмкүн.
Мен бүгүн көргөн жана билген нерселерим тууралуу кесиптештериме, дарыгерлерге жана башка көптөгөн адамдарга айтып берем. Бул абдан маанилүү».
Фалунь Дафа деген эмне?
Фалунь Дафа (же Фалуньгун) практикасы коомчулукка 1992-жылы Чанчунда Ли Хунчжи мугалим тарабынан киргизилген. Азыр Фалунь Дафа дүйнө жүзү боюнча 100дөн ашык өлкөдө жана аймактарда таркап аны менен ийгиликтүү машыгышат. Чындык-Боорукердик-Сабырдуулук принциптерине негизделген жана беш медитация көнүгүүлөрүн камтыган бул руханий практиканын миллиондогон жолдоочулары ден соолугун жана мүнөзүн жакшыртышты.
Кытайдын компартиясынын (ККПнын) мурдагы жетекчиси Цзян Цзэминь бул руханий практиканын популярдуулугунун өсүп баратканына тынчсызданып, аны ККПнын атеисттик идеологиясына коркунуч катары көрүп, 1999-жылдын 20-июлунда Фалуньгунду куугунтуктоо боюнча буйрук чыгарган.
Minghui.org веб-сайты 25 жылдык куугунтуктун натыйжасында өмүрүнөн ажыраган бир нече миң Фалуньгун практиктеринин өлүмүн тастыктады. Өлгөндөрдүн иш жүзүндөгү саны бул көрсөткүчтөрдөн алда канча көп деп болжолдонууда. Фалунь Дафанын практиктери дагы мыйзамсыз түрдө камалып, ишеними үчүн кыйноого алынган.
Трансплантациялоо үчүн органдарды алуу үчүн өлтүрүлгөн камактагы Фалуньгун практиктеринин органдарын мажбурлап алуу боюнча ККПнын кылмыштарынын конкреттүү далилдери бар.
Цзяндын жеке жетекчилиги астында ККП «Офис 610» түздү, анын ыйгарым укуктары полиция менен сот бийлигинен ашкан мыйзамдан тышкаркы коопсуздук агенттиги. «Офис 610» жалгыз милдети Фалуньгунду куугунтуктоо.
Булак: en.minghui.org