Окумуштуулар өсүмдүктөрдүн «ой жүгүртүү жөндөмү бар экенин» аныкташты

Бул, көрүнүшү тынч жандыктар абдан күчтүү кабыл алуу жана алдын ала сезүү жөндөмүнө ээ экени көпчүлүккө анчейин ишенүүгө мүмкүн эместей! Окумуштуулар өсүмдүктөр татаал организмдер болуп, жыт билүү, угуу, ар кандай эстутум түрлөрүнө жана коргонуу жөндөмдөрүнө ээ экенин, ошондой эле бай жана сезимдүү жашоосу бар экенин жана коомдук байланыш түзө алары тууралуу айтууда.

Сүрөт: freepik.com

Миссури штатынын Колумбия шаарындагы Миссури университетинин өсүмдүктөрдү изилдөө кафедрасынын профессору Жек Кеннеди жана 40 жыл бою өсүмдүктөр менен курт-кумурскалардын өз ара аракетин изилдеген Шульц, анын кесиптештери Хайди Аппель жана Рекс Кокрофт өсүмдүктөрдүн үн кабыл алуу жөндөмүн изилдеп келишет.

 

Окмуштуулардын изилдөөлөр учурунда көрсөткөндөй, курт өсүмдүктүн жалбырактарын жеп жатканда чыккан үндөн өсүмдүк өзүн коргой турган көп өлчөмдөгү химиялык заттарды бөлүп чыгаруусуна түрткү берет. Бирок өсүмдүктөр табияттагы үнгө (мисалы, шамал) же Бетховендин музыкасына таптакыр реакция кылбайт.

 

Өсүмдүктөрдө кулак жок, андай болсо зыян келтире турган үндөргө кантип реакция кылышат? Аппель жана Кокрофт, өсүмдуктөрдөн үн толкундары пайда болгондо өтө майда өзгөрүүлөрдү электрдик же химиялык сигналдарга айланта аларын белгилешет. Мындан 50 жыл мурун жүргүзүлгөн башка бир экспериментте дагы таң калыштуу жыйынтык алынган: өсүмдүктөр айланасындагы адамдардын ниети менен ойлорун интуитивдүү түшүнө алат экен. Алар коркунуч келип чыгышын алдын ала сезип, ошого жараша сактануу реакциясын камдашат.

 

Өсүмдүктөрдүн «сезимдүүлүгү»

 

Америка окумуштуусу, цитогенетик, физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Барбара Мак Клинток (1902–1992) өсүмдүктөрдү «ойлоно алган» организмдер деп атаган. Ал мындай деп баса көрсөткөн: «Өсүмдүктөр, башка бардык тирүү жандыктар сыяктуу, пайда алууга жана зыяндан качууга умтулат. Бул касиет аларга айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө көнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок бул реакцияны байкоо кыйын».

 

Мисалы, мимоза өсүмдүгүнө бир нерсе тийип кеткен учурда анын жалбырактары дароо бүктөлүп калат. Сьеци изилдөө институтунун окумуштуулары түшүндүргөндөй, бул стимул өсүмдүктүн клеткаларындагы калий жана хлор иондорунун тең салмактуулугун бузуп, жалбырактардын ичиндеги сууну тамырга агып кетишине себеп болот. Натыйжада, жалбырак ткандарынын тургору (тыгыздыгы) төмөндөп, жалбырак шөлбүрөп калат.

 

Өсүмдүктөрдүн «табияты»

 

Окумуштуулар бир эксперимент өткөрүшкөн: бир эле энелик өсүмдүктөн алынган эки клон бирдей шартта өстүрүлгөнүнө карабай, ар башкача болгонун көрсөтүшкөн. Бул өсүмдүктөр айлана-чөйрөгө жараша өз алдынча өсүү багытын аныктай аларын көрсөтөт.

 

Окмуштуулардын айтуусу боюнча, өсүмдүктөрдө өсүу үчүн чөйрөгө жараша өз алдынча ылайыкташып туруу жөндөмү бар. Мисалы, түндүктө жана түштүктө өскөн бир эле түрдөгү өсүмдүк өлчөмү боюнча айырмаланат. Тышкы шарттар өсүмдүктүн гендик активдүүлүгүнө таасир этип, ар башка белоктордун пайда болушуна себеп болот. Алардын метаболизми да айырмаланып, бул көрүнүшкө алып келет. Температуранын айырмачылыгы морфологиялык өзгөрүүлөрдү жаратып, ошондой эле топурактын айрым касиеттери өсүү жана өнүгүүгө таасирин тийгизет.

 

Өсүмдүктөрдүн «эстутуму»

 

Америкалык детектор адиси Бакстер эксперимент жүргүзгөн. Ал өсүмдүктүн жалбырактарына детектордун электроддорун туташтырган. Эксперимент учурунда ал эки гүлдү бир бөлмөгө коюп, маска жана бирдей кийим кийген алты адамды гүлдөрдүн жанынан өткөргөн. Андан кийин алардын бирөөсүн гүлдүн бирин тебелеп коюшун суранган. Кийин ошол эле алты адам кайра бөлмөгө киргенде, детектор гүлдү тебелеген адам жанынан өткөндө күчтүү реакция көрсөткөн.

 

Бакстердин экспериментинен кийин, окумуштуулар өсүмдүктөрдүн өсүшүнө таасир эткен жасмоновая кислота аттуу химиялык зат маанилүү роль ойной турганын аныкташкан. Бул өсүмдүк гормону линол кислотасын жасмоновая кислотасына айлантат. Бул зат жаныбарларда кездешүүчү простагландиндерге (гормонго окшош кошулмалар) окшош келет.

 

Өсүмдүктөрдүн «телепатия» жөндөмү

 

Адамдын акылы жана сезимдери өсүмдүктөр менен байланыш түзө алат. Бул идея көпчүлүккө ишенүүгө мүмкүн эмес, бирок акыркы жылдары бул жаатта чоң ийгиликтерге жетишилип, көптөгөн адамдардын көңүлүн бурган.

 

АКШда Винни Окленд аттуу аял өз экспериментин жүргүзгөн. Ал бактан эки камнеломка өсүмдүгүнүн жалбырагын үзүп, бирин төшөктүн жанына, экинчисин конок бөлмөгө коюп койгон. Ар бир таң эртең менен ал төшөгүнүн жанындагы жалбыракка кайрылып, «сен дагы эле тирүүсүң» деп айткан. Бирок экинчи жалбыракка эч көңүл бурган эмес.

 

Бир айдан кийин көңүл бурулбаган жалбырак саргайып куураган, ал эми көңүл бурулган жалбырак тирүү бойдон калып,  качандыр бир убакта жаңы үзүлгөндөй сергек көрүнгөн. Бул адамдын акылы жана сезимдери өсүмдүктөр менен байланыш түзө аларынын дагы бир далили.

Популярдуу

pic
pic
pic
pic
pic